Алея молодежи у КНК

Улуттук университеттин ректорун шайлоо боюнча жыйынтык жокко чыгарылды

51
(жаңыланган 14:09 24.12.2014)
Октябрь айында Улуттук университеттин ректорун шайлоо болуп, ага 17 киши ат салышкан болчу. Шайлоодо мыйзам бузуу болгону айтылып, талапкерлердин бири Нурзак Асанбеков сотко кайрылган эле.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректорун шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганы боюнча бир катар жергиликтүү ЖМКлар Биринчи Май райондук сотуна шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Өз кезегинде аталган райондук сот бул чечим боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Маалыматка ылайык, октябрь айында болгон Улуттук университеттин ректорун шайлоодо мыйзам бузуу болгонун айтып, талапкерлердин бири Нурзак Асанбеков арыз менен кайрылган. Жаш курагы талапка туура келбейт деген жүйө менен шайлоодон четтетилген дагы бир талапкер Айылчы Сарыбаев да арыз менен сотко кайрылган. Биздин кабарчыга билдиргендей, анын арызын кароону сот бешинчи жолу жылдырып жатат.

"Ректорду шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун айтып, мен да сотко кайрылгам. Сот арызымды кароону бешинчи жолу жылдырып жатат. Эми сот январь айында боло турган болду", — деди ал. 

Ректорду шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин катчысы Кундузгүл Базакеева Биринчи Май райондук сотунун чечими аларга келе электигин айтат. 

"Беш күн ичинде соттун чечими бизге келет. Ошондо гана эмне үчүн мындай чечим чыкканын так айта алабыз. Азырынча шайлоонун жыйынтыгы эмнеге жокко чыкканын так айта албайбыз", — дейт ал. 

Белгилей кетсек, Улуттук университеттин ректору болууга 17 киши арызын берген. Арыз бергендердин бири Айылчы Сарыбаевди уюштуруу комитети жаш курагы өтүп кеткен деген негиз менен шайлоодон четтеткен. Дагы бир талапкер Аскербек Саадабаев шайлоого катышуудан өз ыктыяры менен баш тарткан. 18-октябрда болгон шайлоонун жыйынтыгында Алтай Бөрүбаев, Болот Токтобаев жана Чынара Адамкулова жогорку балл алган. Жобо боюнча үчөөнүн талапкерлиги өкмөткө жиберилген. Өкмөт үч талапкердин бирин тандашы керек болчу.

51
Белгилер:
Болот Токтобаев, Алтай Бөрүбаев, Айылчы Сарыбаев, Аскербек Саадабаев, Чынара Адамкулова
Тема боюнча
Султан Жумагулов КТРКнын башкы директорлугуна шайланды
КРдин студенттери эки диплом – биздин жана Россиянын дипломдорун ала алат
Райондук соттун залы. Архив

Пара менен кармалып, кызматтан кеткен УКМК кызматкерин сот актады

4
(жаңыланган 15:39 23.06.2021)
Чекист былтыр сентябрь айында пара алууга шектелип кармалган болчу. Өткөн жумада райондук сот чечим чыгарганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери Н. С. Октябрь райондук сотунун 18-июнундагы чечими менен күнөөсүз деп табылып, акталды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматы кабарлады.

Ал төмөнкү беренелер менен бошотулду:

  • Жоруктар кодексинин 172-беренеси ("Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү жок кылуу, бузуу же жашыруу") — жоруктун окуясы жок болгондуктан;
  • Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянатык менен пайдалануу") — кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу;
  • Жазык кодексинин "Пара алуу" беренеси — кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу. Өкүмгө даттанууга жана жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна сунуштамаларды киргизсе болот.

Соттун чечими күчүнө киргенден кийин буюмдук далилдер (77 миң сом) арыз ээсине кайтарылат. Мурдагы чекисттин ишин 2020-жылы 4-сентябрда жоюлуп кеткен Каржы полициясы менен УКМКнын ички коопсуздук кызматы караган. Ал 1 000 доллар пара алууга шектелген. УКМК аны 11-сентябрда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен иштен кетирген. Арыз жазган А. О., Каржы полициясынын кызматкеримин деген Санжар аттуу киши анын уулунун атасын аныктоо боюнча маселени оң жагына чечип берем деп 3 000 доллар талап кылганын айткан. Ишти Финпол да карап, ал жакта Санжар аттуу киши иштебей турганы аныкталган. Кийинчерээк ал УКМКда эмгектенери, ал эми жардамдашкан шериги мурдагы чекист экени белгилүү болгон. Н. С. аттуу киши УКМКнын 9-кызматынын мурдагы начальниги Дамир Мусакеевдин айдоочусу болгон, 2016-жылы башкы чекист болуп турган Абдил Сегизбаевдин буйругу менен мекеменин башкы башкармалыгына которулган. Акыркы ирет УКМКнын Октябрь райондук бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери кызматында болчу.

4
Белгилер:
соттук чечим, кармоо, пара алуу, кызматкер, УКМК
Тема боюнча
Жапаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоймой болду
УКМКнын мас кызматкерлери эс алуучуларды сабаганбы? 

Булуттарды кучактап! Төө-Ашуудан тартылган эң кооз 10 ирмем

44
  • Булуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.
  • Кулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.
  • Ашуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген
  • Төө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам
  • Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.
  • Ашуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.
  • Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.
  • Эл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар
  • Бул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.
  • Ашуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш
Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Биздин окурмандарга бул аймактын кооздугун Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

Фотокабарчы Табылды Кадырбеков Төө-Ашууга барып, бир нече сүрөт тартып келген. Кыргызстандагы эң узун Ош — Бишкек автожолу дал ушул ашуу аркылуу өтөт. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан. Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндө, Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.

Бул ашуу аркылуу Чүйдөн Суусамырга өтсө болот. Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт керектелет. Белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген. Түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор бар. Ал эми түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы жайгашкан. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери. Эл ичинде айтылуу балбан Кожомкул  Каба уулу Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деп айтышат.

Кээ бир жер-суу аталыштары ошол жерди байырлаган жаныбарларга, өсүмдүктөргө байланыштуу коюлуп келген. "Төө ашуу" — зоотопонимикалык аталыш. Бирок бул ашуудан көп сандаган төө өтүп турган же багылган деп айтуу калпыс пикир. Болгону салыштыруу иретинде аталган. Кыргызстандын аймагындагы эң чоң жаныбар катары төө саналган. Ушундан улам ашуунун бийиктиги төөнүн бийиктиги менен салыштырылып Төө-Ашуу деп атап коюшкан.

44
  • Булуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Булуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.

  • Кулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.

  • Ашуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген

  • Төө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Төө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам

  • Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.

  • Ашуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.

  • Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.

  • Эл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар

  • Бул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.

  • Ашуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш

Белгилер:
туннель, Төө-Ашуу, Кыргызстан
Тема боюнча
Сулуу кыз менен "жетелешип" Кыргызстанды эки мүнөттө кыдырып чыккың келеби? Видео