Министрдин жообуна канааттанбаган нарындыктар кайтадан митингге чыгат

© Фото / J.D. and Jamie HollisНарын
Нарын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарындыктар электр энергиясынын белгиленген лимити бул өрөөн үчүн өтө эле аз экенин айтып, аларга жеңилдиктер каралашын талап кылды.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Электр энергиясынын жаңы тарифине нааразы болгон нарындыктар менен Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов, мэриянын, социалдык фонддун жана шаардык милициянын өкүлдөрү жолукту.

Нарында электр кубатына болгон тарифтин кымбатташына каршы митинг өттү
Жергиликтүү активист Бактыгүл Жумабаеванын Sputnik сайтына билдиришинче, митингге миңге жакын киши чогулган. Бирок, Нарын шаардык милициясынын маалыматы боюнча 150-200дөй киши чогулган. Алар электр энергиясынын жаңы тарифин нарындыктар үчүн кайтадан карап чыгуу талабын коюшкан. Себеби, Нарын облусу башка аймактарга салыштырмалуу кышында суук болуп, өкмөт белгилеген лимиттен көп электр энергиясы керектелет.

"Бир ай үчүн белгиленген лимит Бишкектеги жашоо-шарттын мисалында эсептелген. Нарын шаарында Бишкектегидей газ жана борбордук жылытуу системасы жок. Белгиленген жаңы тариф телевизор, кир жуугуч машина жана муздаткычты иштетүүгө гана каралган", — дейт Бактыгүл Жумабаева.

Чогулган эл тарифтерди 70 тыйын боюнча калтырууну суранышкан. Бирок, энергетика министри Кубанычбек Турдубаев тариф бардык аймактар үчүн бирдей экенин айтып, бул маселени тоолуу аймак үчүн каралган жеңилдиктер аркылуу чечүү мүмкүндүгүн белгилеген. Министр ошондой эле, электр энергиясын Казакстандан сатып алып жаткандыктан, азыр жеңилдиктерди кароо чындыкка коошпой турганын айткан.

Жумабаеванын айтымында, министрдин мындай жообуна чогулгандар канааттанбаганын жана 14-январдан баштап мөөнөтсүз митингге чыга тургандыктарын баса белгиледи.

Эске салсак, 17-декабрда нарындыктар электр энергиясынын жаңы тарифине каршы митингге чыгышкан эле. Алар Нарындын эли үчүн жеңилдиктерди талап кылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0