Өлкөнү газ менен камсыздоо долбоору ишке ашат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүГорода России. Сургут
Города России. Сургут - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев атамекендик газ менен камсыздоо долбоору ишке аша турганын билдирди.

БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. Газ менен камсыздоо долбоору ишке аша турганын жана Кыргызстандын түштүгү 2016-жылды өз газы менен тосоорун президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, баасы 1 миллиард доллар болгон "газ куурун" Таластан түштүк аймакка ташып баруу боюнча вариант болгон, бирок Кудай жалгап, жакында эле Баткенден газ табылган.

"500 миллион кубометрге жакын табылган газ түштүктү 5-10 жылга чейин газ менен камсыздай алат. Газ кууру Баткенден Ошко жана Жалал-Абадга чейин тартылат. Бизде бирдиктүү газ кууру болгон эмес. Болгону Өзбекстандан Ошко, Өзбекстандан Жалал-Абадга чейин гана болчу. Келерки жылдын күз айларына чейин биз иштерди жасайбыз. Россиянын президенти Владимир Путин жана "Газпромдун" жетекчиси менен жолукканда бул долбоор Өзбекстан газ берүүнү жандандырып жандандырбаса да ишке аша турганы чечилген. Бүгүн газ бериши мүмкүн, эртең өчүрүп коюшу ыктымал. Бирок мамлекет төлөшү керек болот", — деди президент.

Атамбаев долбоордун каржы булактары да белгилүү болуп калганын маалымдады. Ал ошондой эле, премьер-министр болуп турганда үч жыл мурда газды жеткирүү боюнча диверсификациялоо башталганын билдирди. Өлкөнүн түндүгү газды Казакстандан алып баштаган.

"Эгер биз көз карандысыз болгубуз келсе, иштешибиз керек. Буга чейин биз газды Өзбекстандан алып келгенбиз. Алар бизге муну жаса, аны жаса же болбосо газы жок каласыңар деп келген. Азыр биз жаңы жылды жарык менен тосуп жатабыз, бирок, Ошто газ жок. Кийинки жаңы жылды Ош менен Жалал-Абад өзүбүздүн газ менен тосот", — деди президент.

Жаңылыктар түрмөгү
0