Сааданбеков: кыргыз тили google translate платформасы кийинки жылы кирет деген кепилдик жок

Жазылуу
Кыргыз тилин google translate платформасына киргизүү боюнча аракеттер улантылат.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Кыргыз тили google translate платформасына кийинки жылы кирип калышы ыктымал, бирок кепилдик жок. Мындай пикирин "Биздин мурас" коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбеков Sputnik сайтына билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тилин аталган платформага киргизебиз деген аракеттер 2012-жылдары эле башталган. Бирок, бул аракеттер коомдук башталыштагы иштер болгондуктан акыркы жылдары кыргызча сөздөрдү англисчеге которуу солгундап кеткен.

"Бул иштер менен башында башка балдар алектенип жүрүшкөн эле. Азыр биз бул аракетти өз колубузга алалы деп атабыз. Себеби, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында биз тендерди утуп алдык. Жаңы жылдан баштап жигердүү иш баштайлы деп пландап жатабыз. Англисчеде көп колдонулган фразаларды кыргызчалаш керек", — деди ал.

Казак жана өзбек тилдери google translate платформасына киргени боюнча өз оюн Сааданбеков мындайча билдирди.

"Казак тилин ар тараптуу өнүктүрүү боюнча "Самрук казына" атайын каражат бөлүп келет. Интернеттеги ачык энциклопедия болгон "Википедиада" казак тилинде 250 миңден ашык материал бар. Ал эми кыргыз тилинде болгону 27 миң гана материал бар. Бул баракчадагы материалдар салыштырмалуу түрдө англисчеден которулган", — дейт ал.

Сааданбеков кыргыз тили google translate платформасына кире турчу талапкер тилдердин бири экенин айтып, кыргыз тилинин келечегине кайдыгер карабаган жарандарды котормо ишине жардам берүүгө чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0