Эмдиги жылкы ажылык сапар кымбаттайт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАрхив: мечит
Архив: мечит - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажылык сапарды уюштурган Республикалык штабдын мүчөлөрү келерки жылдын ажылык зыяратына кеткен каражаттын суммасын көтөрүүнү пландап жатышат.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Келерки жылдын ажылык сапары быйылкыга салыштырмалуу кымбат болот. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришти.

Сбор биометрических данных - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык маалыматын тапшырбагандар келерки жылы ажыга бара албайт
Быйылкы ажылык сапарга барып келүүгө кеткен чыгым 2400 доллар болсо, эмдиги жылы бул сумма кымбаттайт. 

Барган зыяратчылар бекер берилген жатак жайларга жайгаштырылып келген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бактыбек Осмоновдун айтымында, кыргызстандыктардын бир катарларынын жаткан жайларындагы желдеткичтери бузулуп, Аравиянын ысыгына какталгандар өз чөнтөктөрүнөн акча чыгарып, желдеткичтерди сатып алууга аргасыз болушкан. 

"Быйыл ажылык сапарга барган зыяратчылар жашаган жеринин шартына нааразы болуп, бир катарлары батир жалдап чыгып кетишти. Сырттан келгендерге акысыз берилген жайлардын санитардык жана жашоо шарттары начар абалда болгондуктан, бир топ сөздөр айтылды. Ажыга баруу колунда барлар үчүн парз болуп эсептелет, колунда жоктордун сөзсүз түрдө баруусу шарт эмес. Андыктан, эмдиги жылы ажылыктын акчасын кымбаттатып, зыяратчыларга акы төлөгөн мейманкананы алдын ала ижаралап, ажылык сапардын кыйналбай өтүүсүнө кадырасе шарт түзүп берүүнү пландап жатабыз", — деди Осмонов.

Ажылыкты уюштуруу боюнча Республикалык штаб мүчөлөрү кошуна мамлекеттин зыяратчылары арбыныраак акча төлөгөнү менен аптапка какталбай, кыйналбай ажылык парзын аткарып келип жаткандыктарын көрүп, жогорудагыдай чечимге келгендигин айтышты. Аталган штабдын мүчөлөрү ажылык сапарга Казакстанда — 3,5 миң доллар, Өзбекстанда 5 миң доллар каражат сарпталарын билдиришти.

Буга чейин Бактыбек Осмонов зыяратчыларга кулак кагыш катары, келерки жылы Сауд Аравиясына биометрикалык паспорт менен гана кирүүгө (l) боло тургандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0