Аида Салянова "Манас" ордени менен сыйланды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГенеральный прокурор Кыргызской Республики Аида Салянова
Генеральный прокурор Кыргызской Республики Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Аида Салянованы "Манас" ордени менен сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Аида Салянованы II даражадагы "Манас" ордени менен сыйлоо туурасындагы жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкта "Башкы прокурор мамлекетти укуктук жана демократиялык коомду бекемдөөдөгү кошкон салымы үчүн сыйланды" деп айтылат.

Жакында эле ЖМКлар Аида Салянованын кызматтан кетүү боюнча арыз жазгандыгын маалымдашкан, бирок, мамлекет башчысы Атамбаев аны четке каккан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0