Денежные купюры

Россиядан келчү газдын баасы Кыргызстандын бардык аймагында бирдей болот

23
(жаңыланган 13:25 30.12.2014)
"Газпром" компаниясы алып келе турган орус газы Кыргызстандын түштүгүнө келип баштады жана тариф бардык аймактар үчүн бирдей болот.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Россиядан келе турчу газдын баасы өлкө тургундары үчүн бирдей боло турганын "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров Sputnik сайтына билдирди.

Анын айтымында, газ аймакка келе баштады жана 2-3 күн ичинде толугу менен берилет.

"Буга чейин өлкөнүн түштүгү менен түндүгүндөгү баалар түрдүү болгон. Эми тариф бардык абоненттер үчүн бирдей болот", — деди Алдаяров.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы тараткан маалыматка ылайык, жаңы тарифтер 2015-жылдын январь айында доллардын расмий курсу боюнча аныкталат. Курсту Улуттук банк ар бир айдын башында бекитип турат.

2014-жылдын апрель айында газды берүү токтотулгандан кийин КР өкмөтү жана "Газпром" ЖЧКсы өзбек тарап менен министрдин деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мамлекет башчыларынын жана өкмөт жетекчилеринин деңгээлинде да эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Акыркы айдагы бир нече жолку жолугушуулардын жыйынтыгында, өлкөнүн түштүк аймагына жаратылыш газын берүүнү жандантуу боюнча чечим кабыл алынган. 

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы маалымдагандай, 2015-жылы жаратылыш газын алып келүү боюнча Gazprom Schweiz AG компаниясы менен келишимге кол коюлган. Ал ылайык, көгүлтүр от 2014-жылдын 30-декабрында Кыргызстандын аймагына келип баштады. Аталган ишканадан алынып келе турчу жаратылыш газынын көлөмү 100 миллион кубометрди түзөөрүн билдиришти.

23
Белгилер:
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы, Арзымат Алдаяров, Ош
Тема боюнча
Кыргызстанда газдын баасы кайра кымбаттоодо
Ошко эки-үч күн ичинде газ берилиши ыктымал
Өлкөнү газ менен камсыздоо долбоору ишке ашат
"Газпром Кыргызстан" келишимди кайта түзүү мөөнөтүн 1-мартка чейин узартты
Ресторан. Архив

Бишкек мэриясы кафе-ресторандардын ишине чектөө киргизди

105
(жаңыланган 21:25 16.06.2021)
Борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бишкек шаары ушул тапта "кызыл” зонада турат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Эртең, 17-июндан тарта, Бишкектеги түнкү клуб, кафе, ресторан, караоке, бар сыяктуу көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча шаар жетекчисинин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилигинин алдында болгон эпидемиологиялык абал боюнча жыйында белгилүү болду.

Мэриянын маалыматына караганда, буга шаарда коронавирус инфекциясына карата абалдын оор болуп турганы себеп болууда.

“Бишкекте көңүл ачуу жайлар саат 23.00дөн 07.00гө чейин жабылышы керек. Бирок тамак жеткирип берүү кызматтары мурдагыдай тартипте эле иштей берет. Мындай чектөөлөр абал жакшырганга чейин сакталат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле коомдук транспортто дезинфекциялоо иштери, санитардык нормалардын сакталып жатышы боюнча рейддерди күчөтүү сунушталды.

Эске салсак, борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бишкек шаары ушул тапта "кызыл” зонада турат.

105
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Кол чатыр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

17
17-июнга караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +27…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарын өрөөнүндө +19…+24 градуска жетет.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +30…+32 градусту көрсөтөт.

17
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Өзбекстанда жеке компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт
АКШ президенти Жо Байден

Байдендин маалымат жыйынына россиялык журналисттерди киргизбей коюшту

0
Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиялык журналисттерди АКШ президенти Жо Байдендин маалымат жыйынына киргизбей коюшканын Sputnik International кабарлады.

Маалыматка карганда, аларды аталган иш-чарага аккредитациядан өткөрбөй коюшкан.

Ак үйдүн маалымат кызматы чет элдик журналисттерди каттоого ала турган кызматкердин байланыш номерин берген. Бирок ал россиялык журналисттердин өтүнүчүн көңүл сыртында калтырып койгону айтылат.

Эске салсак, бүгүн Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

0
Белгилер:
журналист, Женева, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады