"Газпром Кыргызстан" январь айы үчүн газдын тарифтерин белгиледи

© Фото / Alexander ChechetkinГаз
Газ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы тарабынан январь айына коюлган жаратылыш газынын баасы калк үчүн бир кубометрине 13,78 сом деп белгиленсе, өнөр жай, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик мекемелер үчүн 16,57 сом деп белгиленди.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. Январь айы үчүн газдын баасы коюлганын "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, январь айында эл бир куб газ үчүн 13,78 сом, коммерциялык уюмдар, өнөр жай ишканалары менен бюджеттик мекемелер 16,57 сомдон төлөшөт.

Архив: газ - Sputnik Кыргызстан
Россиядан келчү газдын баасы Кыргызстандын бардык аймагында бирдей болот
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин буйругуна ылайык, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы ар айдын башында Улуттук банк тарабынан белгиленген доллардын сомго болгон расмий катышынын негизинде тарифтерди эсептеп чыгууга милдеттүү. Бул туурасында аталган ишканадан билдиришти. 

2015-жылдын 1-январына карата доллардын сомго болгон катышы 58,89 сом деп аныкталган. Декабрь айында газдын тарифи белгиленип жатканда ал 58,59 сом деп бааланган болчу.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы маалымдагандай, 2015-жылы көгүлтүр отту алып келүү боюнча Gazprom Schweiz AG компаниясы менен келишимге кол коюлган. Ага ылайык, газ 2014-жылдын 30-декабрында Кыргызстандын аймагына келип баштады. Алынып келе турчу жаратылыш газынын көлөмү 100 миллион кубометрди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0