Балыкчыда бүгүн шаар башчысын шайлоо жүрүп жатат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАрхив: конституционный референдум в Кыргызстане
Архив: конституционный референдум в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы бүгүн чыгат.

БИШКЕК. 6-янв — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында мэрди шайлоо жүрүп жатат. Учурда Балыкчы шаар башчылыгына 3 талапкер өздөрүнүн платформасы менен шаардык кеңештин депутаттарын тааныштырууда. Бул тууралуу Sputnik сайтына Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Күлүмкан Орузбаева билдирди.

Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыктары бүгүн түштөн кийин чыгышы мүмкүн. 

"Азырынча шайлоо бир тур менен өтөбү, же эки тур менен өтөбү белгисиз. Учурда талапкерлер платформалары менен тааныштырып жатат. Шайлоо процессине шаардык кеңештеги 31 депутаттын 30у катышууда", — деди Орузбаева.

Шаар башчылыгына үч киши —Алмаз Сагынбеков, Марат Турдубаев жана Данияр Бекбашев ат салышууда.

Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен 2014-жылдын 11-декабрында кызматтан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0