Операционная комната

Чоң-Алайдагы дарылоо мекемелеринин имараттарынын көбү начар абалда

16
(жаңыланган 10:02 06.01.2015)
Чоң-Алайда мындан эки жыл мурун курулушу башталган райондук оорукана алигиче бүтпөй келет. Бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн райондун акими саламаттыкты сактоо министрине кайрылды.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев айылдардын дарыгерлери, медицина кызматкерлери менен жолугуп, көйгөйлөр менен жеринде таанышты.

Чоң-Алайдын Кара-Мык жана Дароот-Коргон айыл аймактарында болуп, ооруканалардын имараттарын көрдү. Дарыгерлер, медициналык кызматкерлер менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул туурасында Sputnik маалымат сайтына Чоң-Алай районунун акими Абдылазис Ашыралиев билдирди. 

"Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев биздин ооруканаларды көрүп, дарыгерлерди, медициналык кызматкерлер менен көзмө-көз сүйлөшүп кетти. Райондогу ооруканаларыбыздын имараттары авариялык абалда. 120 койкалуу райондук ооруканада 2 жылдан бери курулуп бүтпөй келет. Министрге аны быйыл бүтүрүү боюнча өтүнүчүбүз менен кайрылдык", — деди Ашыралиев.

Райондун акими аймакта дарылерлердин тартыштыгы дагы бир көйгөйлөрдөн экендигин айтты.

"Райондо дарыгерлер тартыш, хирург, кардиолог, анестезиолог жана акушерлер жетишпейт. Бул биздин көйгөйлөрдөн. Бул маселени чечүү боюнча да сүйлөштүк. Себеби, адистерге иштен сырткары, жашаганга да шарт түзүлүшү керек", — деди Ашыралиев. 

Талант Батыралиев буга чейин Талас облусундагы медициналык мекемелердин абалы менен таанышып чыккан

Саламаттыкты сактоо министрлигине дайындалгандан кийин премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кабыл алуусунда болуп, ишти дубандардагы дарылоо мекемелеринин таанышуудан баштаарын айткан.

16
Белгилер:
Жоомарт Оторбаев, Талант Батыралиев, Абдылазис Ашыралиев, Чоң-Алай, Ош
Тема боюнча
Саламаттыкты сактоо министри ишин дубандардагы ооруканалардан баштады
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

84
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

84
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты
Бишкек шаары. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

54
26-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Нарында -3…+2, Ысык-Көлдө -1…+4 градус болот.

Ош шаарында +4...+6 градус жылуу болсо, борбор калаада абанын температурасы +3...+5 градуска чейин жетет.

54
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы