Президент дүйнөдөн кайткан Балбекиндин үй-бүлөсүнө каражат бөлдү

Архив: Александр Романович Балбекин
Архив: Александр Романович Балбекин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондусунан маркум Балбекиндин үй-бүлөсүнө элүү миң сом бөлүндү.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. КР Эмгек сиңирген артисти Александр Балбекиндин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бул боюнча тиешелүү буйрукка кол койду. 

Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондусунан Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Александр Балбекиндин каза болгондугуна байланыштуу, артисттин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 50 000 (элүү миң) сом бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0