Электр энергиясынын баасы февраль айы үчүн төмөндөтүлөт

Жазылуу
Февраль айында калк бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,82 сом төлөсө, 700 киловатт-сааттан ашык электр кубатын колдонгондор 1,97 сомдон төлөшөт.

БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев февралда импорттолуп жаткан электр энергиясынын тарифи төмөндөй турганын билдирди.

Анын айтымында, баалардын төмөндөшү Казакстандан импорттолуп жаткан электр энергиянын төмөндөшүнө байланыштуу.

"Февраль айында калк үчүн бир киловат-саат электр энергиясынын баасы 1,82 сом деп белгиленип жатат. 700 киловатт-саат электр энергиясынан ашык колдонгон башка колдонуучулар 1,97 сомдон төлөшөт. Социалдык нормадан төмөн колдонгондор мурдагыдай эле 70 тыйындан төлөшөт", — Элебаев.

Ал ошондой эле, импорттолуп жаткан электр энергиясынын тарифи калктын колдонуусун эске алуу менен ай сайын эсептелип турарын кошумчалады.

"Дагы үч ай электр энергиясын сырттан алабыз жана тарифтер да өзгөрүп турат. 700 киловатт-саатка жетпеген электр энергиясын колдонгон калк үчүн жана насостук станциялар үчүн тариф 2015-жылдын апрелине чейин өзгөртүлбөйт", — деди Элебаев.

Бир айлык орточо тариф саясаты былтыр КР өкмөтү тарабынан бекитилген. Ага ылайык, 700 киловатт-сааттан көп электр кубатын колдонгон карапайым калк үчүн 2,05 сом деп белгиленсе, өнөр-жай үчүн 2,19 сом деп белгиленген болчу.

Жыл башында президент Алмазбек Атамбаев электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну энергетика жана өнөр-жай министрлигине тапшырган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0