Дүйшөмбиев: чек араны бекемдөө – комплекстүү иш алып барууну талап кылат

Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев кыргыз-тажик, жана кыргыз-өзбек чек арасына олуттуу көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 14-янв — Sputnik. Чек араны бекемдөө – комплекстүү иш алып барууну талап кылган маселе деп айтты Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев.

Анын айтымында, Россия берген гранттан мамлекет чек араны бекемдөөгө каражат бөлүп берет.

"Кошумча чек ара заставалар менен постоорду курууну, мамлекеттик чек арада көзөмөл өткөрмө пункттарын заманбап жабдуулар менен камсыздоону пландап жатабыз. Андан сырткары гранттык каражат автоунааларды, мамлекеттик чек араны кайтаруучу жана чек арада көзөмөл кылуучу техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат. Тажик жана өзбек тараптын макулдугу менен чектешкен жерлерде орнотула турган атайын жабдууну да алабыз", — деп билдирди Дүйшөмбиев.

Чек ара кызматынын башчысы кыргыз-тажик, жана кыргыз-өзбек чек арасына олуттуу көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. 

"Коалициялык күчтөр Афганистандан чыгып кеткенден кийин бул аймакка жакын мамлекеттик чек араларга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Негизинен эле, мамлекеттик чек араларды бекемдөө – комплекстүү мамиле менен иш-чараларды талап кылган маселе, себеби, ага чек арачылардын, аскер адамдарынын, алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоо-шартын жакшыртуу да кирет", — деп кошумчалады Чек ара кызматынын башчысы. 

Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны учурунда, КРдин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнүн алкагында Россия 200 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлө тургандыгын айткан. Бул каражаттын 55 миллиону мамлекеттик чек араларды бекемдөөгө жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0