Эксперттер дин тутуу жана диний уюмдар боюнча мыйзам долбоорун жумшартыш керек дешет

Жазылуу
Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар туурасындагы мыйзам долбоорундагы кээ бир беренелер катуу болушу дин туткандардын арасында радикалдашууну жаратышы мүмкүн деген пикирлер айтылууда.

Президент Кыргызстанда конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүү зарылдыгын айтты
БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Диний жааттагы эксперттер Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзам долбоорунун бир топ беренелерин кайрадан карап чыгуу керек деп эсептешет. Бул туурасында диний эксперттер аталган мыйзамды талкуулаган тегерек столдо айтышты.

Дин жаатындагы эксперттердин айтымында, "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" мыйзамдын бир топ бөлүгүнө өзгөртүү, толуктоо киргизүү зарылдыгы турат. Кээ бир беренелердеги тыюу салуулар дин туткандар тарабынан нааразычылык жаратып, агрессияга алып келиши мүмкүн деген пикирлерин айтышты тегерек столдун катышуучулары.

"Мени көбүрөөк тынчсыздандырганы диний ишенимдерди коомдук жайларда таратууга жана диний ишенимди кыдырып таратууга тыюу салган жагдайлар болуп жатат. Эгерде буга тыюу салынса, мамлекеттин репрессиялык маанайдагы мамилеси аларда ар кандай нааразычылыктарды жаратып жана радикалдашууга жакшы шарт түзүп бериши мүмкүн", — деди АУЦАнын Антрология боюнча Депарматентинин доценти Эмиль Насритдинов.

"2014-2020-жылдарга каралган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын" концепцияны иштеп чыгуу боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Индира Асланова мыйзам долбооруна азыр пикирлерди айтып, сунуштарды киргизип калуу керек деп эсептейт.

"Аталган мыйзам долбоорунун жакшы жактары бар, ошону менен катар эле аксаган көп нормалар бар. Болжол менен, менин пикиримде, мыйзам долбоорунун 60% кайра иштелип чыгышы керек", — деди Индира Асланова.

Асланова эксперттердин тегерек столдогу талкуусундагы сунуштар аталган мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан эксперттик топко жөнөтүлөөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0