ЖКда бала бакчаларга салык боюнча жеӊилдик берүү демилгеси каралды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: бала бакчадагы куурчак
Архив: бала бакчадагы куурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын КСДП фракциясы бала бакчаларга салыктын төрт түрү боюнча демилгени жактырды.

БИШКЕК, 16-янв — Sputnik. 2014-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 7 бала бакчанын курулушу пландалса, иш жүзүндө 1 гана бала бакча курулган, ал эми Кыргызстанда балдар толугу менен бакчага берүү үчүн кеминде 2500 бала бакча керек. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин депутаты ЖКда Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы бала бакчаларга салыктык жеӊилдиктерди берүү максатында иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун талкуулап, жыйынтыгында аны жактырды. 

"Ушу тапта балдардын 17%ы гана бала бакчага барат. Бул жетишсиз. Жеке менчик бала бакчаларга салыктык жеӊилдиктерди берүү зарыл. Ансыз бул көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес", — деди мыйзам демилгечиси Зулпукаров.

Бишкекте курулушун кытайлык компания каржылай турган мектептин жерпайы түптөлдү
Мыйзам долбоорунун демилгечилери жеке менчик бала бакчаларды 4 салыктын түрүнөн — пайдадан, сатыктан алынуучу салыктардан, кошумча нарк салыгы жана жер салыгынан бошотууну сунуштады. 

Депутат Чыныбай Турсунбеков жеке менчик бала бакчалардын бир катарлары бизнеске айланып калганын, эгер салык жеӊилдиктери берилсе аны бөлбөй эле мамлекеттик, муниципалдык бала бакчаларга да кошо кароо керектигин айтты. 

"Балдар мекемелерин өз ара салыктык жикке бөлүү социалдык теӊсиздикке алып келип, анын негизги принциптерине доо кетирет", — деди Турсунбеков. 

Талкуу жыйынтыгында мамлекеттик бала бакчаларга да, жеке менчик бала бакчаларга да бирдей жеӊилдиктерди кароо чечимине келип, айтылган сунуштарды экинчи окуу учурунда эске алынмай болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0