Атамбаев мугалимдердин айлыгын жогорулатуу маселесин көтөрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды
Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент тиешелүү тараптарга мугалимдердин айлыктарын көбөйтүү жолдорун караштырууну тапшырды.

БИШКЕК, 21-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алып, аталган тармактагы реформаларды талкуулады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына республиканын жогорку билим берүү системасында жана илим тармагында реформа боюнча өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Сариева: окуу китептеринин жетишсиздиги толук каржыланбагандык менен шартталган
Эльвира Сариева ошону менен бирге мектептерге жана мектепке чейинки мекемелерге билим берүүчү инновацияларды киргизүү жаатындагы пландары туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн билим берүү жана илим чөйрөлөрүндө реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Андан тышкары президент Билим берүү жана илим министрлигине Каржы министрлиги менен бирдикте өлкөнүн мугалимдеринин айлыктарын көбөйтүү жолдорун караштырууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0