Улуу Ата мекендик согушка катышкан депутаттардын фото көргөзмөсү өткөрүлөт

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАрхив: встреча советских солдат в Софии
Архив: встреча советских солдат в Софии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1938-жылдагы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин I чакырылышынын Улуу Ата Мекендин согушка катышкан депутаттары боюнча фото көргөзмө уюштуруу демилгеси көтөрүлдү.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин I чакырылыштагы депутаттарынын ичинен 45 депутаты Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Алардын ичинен 18и курман болгон. Бул туурасында ЖК депутаты Ирина Карамушкина билдирди. 

Депутат Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоонун алкагында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин I чакырылышынын аталган согушка катышкан депутаттары боюнча фото көргөзмө уюштуруу демилгесин көтөрдү.

"Фашизм менен болгон согушта эл өкүлдөрүнүн бүгүнкү күнгө чейин изилденбеген эрдиги менен каармандыгынын табылган далилдери Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоодо пайдаланылышы зарыл. Жогорку Советтин ошол кездеги айрым депутаттардын турмуштук үлгүсү өзгөчө көңүл бурууга татыктуу", — деди Карамушкина. 

Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз ССРинин I чакырылышындагы парламентинин 45 депутаты Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 18и согушта курман болгон. 10 депутат дайынсыз болсо, 17си мекенине аман-эсен кайтып келген. 

Карамушкина I чакырылыштын айрым депутаттарынын ишмердүүлүгү боюнча документалдык булактар табылгандыгын, депутаттык корпустун согуштук сапарын аныктоо боюнча иштерди тарых илимдеринин кандидаты, публицист Леонид Сумароков улантып жаткандыгын кошумчалады. 

Өткөн жылдын ноябрында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Жогорку Советтин (1938-жыл) I чакырылышынын депутаттарынын балдарынын Бишкек-Москва-Ош телекөпүрөсү өткөрүлгөн. Ага депутат Ирина Карамушкина, Кыргызстандагы Орус кызматташтыгы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Александр Зеличенко катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0