Сейитов: АКШда расалык чыр аз, бирок, окуучулар арасында кодулоо бар

© Sputnik / Галина Кмит / Медиабанкка өтүүАрхив: Чикаго шаары
Архив: Чикаго шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Даллас шаарында беш жылдан бери жашап келе жаткан мекендешибиз расалык чыр көп кездешпегени менен, мектеп окуучулары тымызын бөлүнүп тургандыгын айтат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жакында ICM Research компаниясы сурамжылоо жүргүзүп, АКШнын жашоочуларынын 67%ы алардын эң курч көйгөйлөрүнүн бири расалар жана улуттар аралык келишпестиктер деп тапкан. Сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча АКШнын Даллас шаарында беш жылдан бери жашап, иштеп жүргөн Марат Сейитов Sputnik сайтына өз оюн билдирди.

"Мен Даллас шаарында жашайм. Мен иштеген мектепте иммигрант үй-бүлөлөлөрдүн балдары көп. Алар көбүнчө Индия, Пакистан, жана Араб өлкөлөрүнөн келишкен. Расалык же этникалык чоң чатактарга күбө боло элекмин, бирок окуучулар арасында бул көрүнүштөр байкалат. Мисалы, ата-энеси пакистандык бала, индиялык бала менен жакшы тил табыша албайт. Мурда келген конок кийин келген конокту сүйбөйт болуп, кээде испан тилдүү жергиликтүү тургундар иммигранттардын (индус, араб, кытай жана башка) балдарын кодулашат. Бул сыяктуу көрүнүш мен иштеп кеткен Аустин шаарында көбүрөөк байкалат. Мындай абалдын орун алышына Ирак жана Сирия мамлекеттеринде болгон кырдаал да таасирин тийгизип жатат", — деди Сейитов.

Жаңылыктар түрмөгү
0