Бишкекте азиздер менен кулагы укпагандарга батирлерди белек кылышты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАрхив: жаңы конуш
Архив: жаңы конуш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп кабаттуу турак-үйдө 300гө жакын үй-бүлөлөр жайгашат.

БИШКЕК, 24-янв — Sputnik. Бишкек шаарынын "Көк-Жар" кичи районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн курулган көп батирлүү үй пайдаланууга берилди. Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнө жаңы батирлердин ачкычтарын тапшыруу салтанатына катышкан президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан коомдун мүчөлөрүн жаңы конушу менен куттуктап, чың ден-соолук, узак өмүр каалады.

Нарымбаев 2008-жылдан бери мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бишкекте 45 батирлүү 3 үй, Ош шаарында 45 батирлүү бир үй, Жалал-Абадда 40 батирлүү бир үй пайдаланууга берилгендигин айтты. 

Ал эми аталган 90 батирлүү турак-үйдүн курулушуна мамлекеттик бюджеттен 87,51 млн. сом сартпталган.

Нарымбаев президенттин атынан Азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти Калык Мамбатакуновго символикалык түрдө көп кабатттуу үйдүн ачкычын жана балдар аянтынын курулушуна 400 миң сомдук сертификатты тапшырды. 

"Каржы тартыш болуп, үйдүн курулушу улам токтоп калып жаткандыктан, мамлекет акча бөлүш үчүн парламенттик трибунадан чыгып сүйлөп, ЖКнын жыйындарында маселе көтөрүп, ондогон каттарды жазууга туура келди. Бактыга жараша, 2014-жылы президент Атамбаевдин чечими менен тиешелүү каражат табылып, Азиздер жана дүлөйлөр коомунун үйдү бүтүрүшүнө мүмкүнчүлүк жаралды", — деди ЖКнын депутаты Дастан Бекешов.

Депутат мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мамлекет куруп, акысыз берген жаңы батирлүү болушуна кубанычын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0