Кызылча оорусуна каршы 22 миңден ашык киши Бишкекте эмдөөдөн өттү

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүРабота прививочного кабинета детской поликлиники Калининграда
Работа прививочного кабинета детской поликлиники Калининграда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызылча оорусуна каршы бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаары боюнча 22 миңден ашык киши эмделди.

БИШКЕК, 27-янв — Sputnik. 2015-жылдын 26-январына алынган маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 22 622 киши кызылча дартына каршы эмдөөдөн өткөн.

Кызамык Бишкек менен Чүйдө көп болууда
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлору (ҮМБ) жана стационарларда чыпкалар уюштурулуп, оорунун алдын алуу жана чектөө боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө калаанын медицина кызматкерлери тарабынан 13 миңден ашык текшерүү жүргүзүлүп, 37 346 адам кароодон өткөрүлдү.

Шаардык Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Амангелди Мурзалиев, шаардагы дарылоо-профилактикалык уюмдарынын жетекчилерине Чүй областынын медициналык мекемелери менен окуучуларды эмдөө боюнча биргеликте иш алып баруу тапшырмасы койду. Анткени, Чүй областында жашап, шаардын мектептеринде окуган окуучулар да бар. 

Ошондой эле, жеке мектептерде жана бала бакчаларда кызылча оорусу катталса токтоосуз Саламаттыкты сактоо департаментине билдирүүгө чакырат.

Эс алуу күндөрү борбор калаанын бардык ҮМБде дарыгерлер жана медицина кызматкерлеринин кезмети түзүлүп, ооруга каршы иштерди алып барууда.

Кызылча оорусунун белгилери жана аны алдын алуу боюнча Sputnik даярдаган инфографиканы көрүңүз >> 

Жаңылыктар түрмөгү
0