Саламаттык сактоо министрлиги: кечээ кызылча менен ооруган 464 адам аныкталды

Жазылуу
Кечээ өлкө боюнча Республикалык иммундук профилактика борбору кызылча менен ооругандыгы расмий тастыкталган 464 адамды каттады. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул бир күндө аныкталган оорулуулардын эң көп саны болуп эсептелет.

БИШКЕК, 27-янв — Sputnik. 26-январда кызылча менен ооругандар Кыргызстандын борборунда катталып, ал 170ке жеткен, ал эми Чүй областы боюнча ооруга чалдыккандар 157 адам болду. Бул жагынан Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл областтарында абал жакшы. Аталган аймактарда кызылча менен ооруган экиден адам катталды. 

Архив: карантин - Sputnik Кыргызстан
Саламаттыкты сактоо министрлиги кызылча боюнча карантин киргизбейт
Республикалык иммундук профилактика борборунун адиси, эпидемиолог Тилек Бутешевдин айтымында, дартты жайылышын басаңдатууда аймактардын ҮДБ жана фельдшердик-акушердик пункттарындагы дарыгерлердин профилактикалык иштери өз натыйжасын берди. 

Ошондой эле врач-эпидемиолог кызылчанын жайылышы чынында азайып бара жатат деген оюн билдирди, себеби графиктеги оорунун күч алышы көрсөтүлгөнү дем алыш күндөрү ооруп калгандардын баары дарыгерлерге дүйшөмбүдө гана кайрылгандыгы менен байланышкан. 

2015-жылдын 1-январынан тартып оорулуулардын саны Кыргызстан боюнча 3 миң 410 адамды түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0