Центральная мечеть в городе Бишкек

Муфтият: дин дартка тиешелүү дары-дармектерди алууга каршы эмес

(жаңыланган 18:35 29.01.2015)
Саламаттыкты сактоо мекемелери ички, тышкы миграция жана диний түшүнүктөн улам, балдарды эмдетүүдөн баш тарткандар да арбын болуп жаткандыгын, алардын саны 6000дин тегерегинде экендигин айтышууда.

БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Кыргызстанда учурда кызылча оорусу күч алып, Бишкек шаары менен Чүй аймагында көп кезигип жатат. 28-январдагы маалыматтарга таянсак, өлкө боюнча 3378 адам кызылча менен оорушу мүмкүн деп шектелсе, анын ичинен 497 адамдан лабораториялык текшерүү ооруну тастыктаган. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана саламаттыкты сактоо боюнча бир катар мекемелердин өкүлдөрү кызылчанын жайылышынын алды алуунун бирден-бир жолу эмдөө жүргүзүү экендигин айтышууда. Бул боюнча Бишкек шаарында жана Чүй аймагында калкка оорунун алдын алуу, сактануу жолдору, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бирок, диний түшүнүктөн, миграциядан улам, балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар да арбын болуп жаткандыгын саламаттыкты сактоо боюнча бир нече мекемелер билдирди. 

Дин ден соолук үчүн адамдарга эмдөөдөн өтүүгө тыюу салбайт

Саламаттыкты сактоо боюнча бир нече мекемелер мындай билдирүүлөрүнөн кийин, дин тутунган адамдарга ар кандай оорулардан сактануу үчүн эмдөөгө жол берилгенби деген суроолор менен Кыргызстан мусулмандан дин башкармалыгына баш бактык. Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгынын окуу-тарбия бөлүмүнүн башчысы Аким Эргешов ислам дини ден соолукка кам көрүүгө, саламаттыкка зыян келтирген оорудан сак болууга жана ар бир дартка тиешелүү дары-дармектерди алууга каршы эместигин жана ар кандай жугуштуу илдеттерден сак болууга үндөөрүн айтты. 

"Дин тутунган адамдардын эмдөөдөн баш тарткандыгы эч качан дин түшүнүгүндө же диний жетекчиликтин, же диний башкармалыктын көрсөткөн багыттоосуна негиз албайт. Албетте, эмдөө ыктыярдуу нерсе. Ар бир адам өзүнүн ден соолугу үчүн өзү кам көрүшү зарыл. Ошол эле учурда өз саламаттыгынын кепилдиги үчүн дарыгерге кайрылып, анын кеңеши менен ден соолугун чыңдап туруусу да өзүнүн эркинде. Ар бир жарандын диндик түшүнүктө деле, жалпы мыйзамдык түшүнүктө деле дарыланууга же дарыланбай коюуга толук укугу бар. Бирок, диндин көз карашына келген учурда, коомдук саламаттыкты сактоо үчүн коомго жайылып жаткан коркунучтуу тумоонун алдын алуунун, жайылтпай коюунун чарасына келген учурда, ал мыйзамдык же мамлекеттик чектеги талапка жооп берип, ага моюн сунуп аткарышы керек",— деди Аким Эргешов. 

© Sputnik / Нургуль Максутова
Муфтият:тумоолорго каршы эмдөөлөрдү алуу керек

Саламаттыкты сактоо министрлиги түшүндүрүү иштерин жүргүздүбү?

Эргешов КРге келип жаткан вакциналардын сапаты боюнча динге ишенген мусулмандар арасында суроо арбын жаралып жаткандыгын айтты.

"Социалдык тармактарда Кыргызстанга келип жаткан дары-дармектер, контрабандалык жол менен ташылат деген сөздөр бар. Аны менен кошо вакцианалар тиешелүү органдар тарабынан толугу менен көзөмөлгө алынбай калган учурлар да болот деп айтып жатышат. Эгерде Саламаттыкты сактоо министрлиги элдин алдына чыгып, жоопкерчилигин моюндап, вакцинанын коопсуздугуна кепилдик беребиз десе, ишеним артмак", — деди Аким Эргешов.

Кызылчадан эмдөөдөн өтпөй жаткан диндар адамдар боюнча министрлик бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүздүбү деген багытта тиешелүү тараптарга суроо узаттык. 

Республикалык иммунопрофилактика борборунун эпидемиолог-дарыгери Нуржамал Шейшееванын айтымында, баш тарткан учурлар кездешкенден тарта эле, мындан 4-5 жыл мурда эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп башталган. 

Ал эми кызылча оорусу жайылгандан тарта ата-энелер менен кээ бир учурда көзмө-көз сүйлөшүп, түшүндүрүп жаткандыктарын айтты. 

"Биз түшүндүрүп, эмдөөнүн баланын ден соолугуна зарылдыгын айтып берүүдөбүз. Өтө көп кездешкен жерлерде медкызматкерлер ата-энелер менен жекеме-жеке отуруп алып сүйлөшүп, түшүндүрүп жатабыз. Алардын суроолору абдан көп, өзгөчө, вакциналар боюнча. Бул жаатта иш абдан эле тыкыр жүргүзүлүп жатат. Азыр түшүнүп, өздөрү келип, эмдетип жатышат. Коомчулукта көп айтылбай, абал тынч учурда анча маани бербей түшүнбөй турушкан, азыр жайылгандан кийин келгендер арбыды. Кыязы, абалдын олуттуу экендигин эми түшүнүп башташты окшойт", — деди Нуржамал Шейшеева.

Ал эми Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Усенбаев вакциналар тыкыр каралып, эл аралык уюмдар аркылуу өлкөгө сатылып алынаарын билдирди. 

"Бүгүнкү күнү 16 миң эмдөө жасалды, бирок, коомчулук арасында вакциналардын сапаты туурасында да ар кыл кептер жүрүүдө. Бирок, алардын бардыгы Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунан кайра окутулуудан өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун балдар Фондусу аркылуу сатылып алынат. Андан сырткары вакцианалардын эл аралык сапаттагы сертификаттары бар, ал эми такталбаган башка вакциналар Кыргызстанга алынып келинбейт", — деди Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Усенбаев

Белгилер:
Аким Эргешов, Нуржамал Шейшеева
Тема:
Кызылча дартынын Кыргызстанда жайылышы (16)
Тема боюнча
Кызамык Бишкек менен Чүйдө көп болууда
Саламаттык сактоо министрлиги: кечээ кызылча менен ооруган 464 адам аныкталды
Туристтер аэропортто. Архив

Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат

(жаңыланган 16:02 22.04.2021)
Келе жаткан жайда туризм тармагын калыбына келтирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Туризм департаментинен айтып беришти.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.

Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.

Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.

Электрондук сертификаттар

Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.

Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Заведующая отделом правового обеспечения, лицензионного контроля и организационной работы Департамента информации и массовых коммуникаций при Министерстве культуры, информации и туризма Кыял Кенжематова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.

Визасыз режим

Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.

Автоунааларга уруксат берүү

Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.

"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.

Аба каттамдары

Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.

Туризм департаментинен башка өлкөлөр менен байланышты күчөтүү үчүн Jazeera Airways, Wizz Air жана TMG авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты.

Завотделом правового обеспечения Департамента Минкультуры КР Кыял Кенжематова
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын,  Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек —  Будапешт —  Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.

Чет элдиктер Кыргызстанга келүүнү каалайбы?

Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.

Директор Кыргызской ассоциации туроператоров Нурбек Сапаров на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы директору Нурбек Сапаров
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.

"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.

Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.

Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.

Белгилер:
коронавирус, алгоритм, каттам, аракет, пандемия, туризм, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Екатеринбург шаарындагы мигранттар. Архив

Россияда мигрант куруучулардын реестрин түзүү сунушталууда. Максаты кандай

(жаңыланган 16:02 22.04.2021)
Жаңы эреже мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берери айтылууда.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияда Куруучулардын улуттук бирикмеси курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Антон Глушков РИА Новости агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда Россияга келген куруучулар ден соолугу тууралуу маалым кат даярдап, орус тилинен экзамен тапшырып, ошондой эле жумушка орношуу үчүн документтерди тууралашы керек.

"Мындан ары аларды Россияга келе жатканда эле бирдиктүү реестрге катталууга милдеттендирүүнү сунуштап жатабыз. Бул нерсе мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берет. Мындан тышкары, салык жагынан ачык-айкындуулук пайда болмок", — деди Глушков.

Ошондой эле жетекчи бул тизме учурда кайсы куруучу иштеп, кайсынысынын колу бош экенин аныктап, тез аранын ичинде аны жаңы объектиге жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.

Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатканын, жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалганын" билдирген.

Белгилер:
реестр, курулуш, мигранттар, Россия
Тема боюнча
Песков: ири пландарды ишке ашыруу үчүн Россияга мигранттар жетишпей жатат