2,5 миң маршруттук такси күн сайын Бишкектин тургундарын тейлейт

Жазылуу
Жакын арада микроавтобустарды эл көп баткан коомдук транспортторго алмаштыруу пландалууда.

БИШКЕК, 1-фев — Sputnik. Бишкектин жолдоруна күн сайын 40 коммерциялык фирмага тиешелүү 2,5 миң микроавтобус каттамга чыгат. Мындай маалымат Бишкек мэриясынын 2014-жылкы отчетунда айтылат.

Жеке фирмалардын 2 миң 643 маршруттук таксилери шаардагы 119 каттамды тейлешет.

"Шаар көчөлөрүнө чыккан микроавтобустардын 50 пайыздан ашыгы – "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү машиналар", — деп айтылат мэриянын отчетунда. 

Учурда мэрия "Ош базары" соода комплекси аймагындагы жол кыймылын эске алуу менен коомдук транспорттун жүрүүчү жаңы схемасын иштеп чыкты. Ошондой эле, 86 схема боюнча маршруттук таксилердин да жүрүүсү өзгөртүлөт. 

Жакын арада микроавтобустарды эл көп баткан коомдук транспортторго алмаштыруу пландалууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0