Электр кубаты боюнча жаңы тариф күчүнө кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлектрическая подстанция в Бишкеке
Электрическая подстанция в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Февраль айы үчүн электр энергиясынын жаңы тарифи күчүнө кирди.

БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. Импорттолгон электр энергиясынын азайышын эске алуу менен Отун-энергетика комплексин жөнгө салуучу мамлекеттик агенттик февраль айы үчүн электр энергиясына болгон тарифти өзгөрттү.

Лампочка с розеткой - Sputnik Кыргызстан
Электр энергиясынын баасы февраль айы үчүн төмөндөтүлөт
Ага ылайык, салыктарды эске албаганда 700 киловатт сааттан ашык электр энергиясын колдонгон калк бир киловатт саат энергия үчүн 1,82 сомдон төлөйт. Бюджеттик мекемелер, айыл чарбасы, өнөр-жай ишканалары жана башка тармакта иштеген өндүрүш мекемелери 1 сом 97 тыйындан төлөйт. Буга чейин, 700 киловатт-сааттан көп электр кубатын колдонгон карапайым калк 2,05 сомдон төлөшкөн болсо, өнөр-жай ишканалары үчүн 2,19 сом деп белгиленген болчу. 

Социалдык нормадан төмөн колдонгондор мурдагыдай эле 70 тыйындан төлөшөт.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуучу мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, бир киловатт электр энергиясы 5,61 сомдон импорттолууда.

700 киловатт саатка чейин электр энергиясын колдонгон калк үчүн жана насостук станциялар үчүн тарифтер 1-апрелге чейин өзгөрүүсүз калат.

Буга чейин электр энергиясынын жаңы тарифтерине нааразы болуп, Нарын менен Талас облусунун калкы нааразычылык акцияларына чыгышкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0