Улан Боромбаев: мени кулчулукка сатып жиберди деген жээнимдин сөзү суу кечпейт

© Фото / The U.S. ArmyСержант армии США в Афганистане
Сержант армии США в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулчулукка мени туугандарым сатып ийди деген Таалайбек Абдрахмановдун айткандары чындыкка коошпой турганын таекеси Улан Боромбаев билдирди.

БИШКЕК, 3-фев — Sputnik. Таалайбек Абдрахмановдун аны "таекелерим Афганистанга кулчулукка сатып ийди" деген дооматы чындыкка коошпой турганын таекеси Улан Боромбаев биздин кабарчыга билдирди.

Боромбаев жээни Абдрахманов Афганистандагы жумушка келишим аркылуу кеткенин, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтат. Ошондой эле, ал жактан айлык-акы алган жокпуз дегени курулай доомат экенин белгиледи.

"Жээнимдин "Афганистандан эч кандай айлык алган жокпуз" дегени курулай жалаа. Ал биринчи маянасын Кенже деген карындашына жөнөткөн. Экинчи ай иштеп, үчүнчү айдан баштап булар иштебейбиз деп байкот кылышкан. Иштебесеңер силер менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарабыз деп аларды базадан чыгарып коюшкан. Алар талаада калганда буларды жумушка алган компания беш жылдыздуу мейманканага жайгаштырышкан. Ал жактан буларга экинчи айлыгы берилген", — дейт ал.

Боромбаев "таекем үйүн салдырып алып, менин акымды бербей Афганистанга алдап туруп жиберип ийди" деген Абдрахмановдун сөздөрү да чындыкка жакындабай турганын белгиледи. Ал үйүнө 50 чарчы метрдик бөлмө улап, анын курулушуна жээни жардам бергенин танбайт.

"Мен үйүмө кошумча бөлмө курдум. Ал 50 чарчы метрди түзөт. Анын дубалын көтөрүүгө 4 миңдей кирпич кетти. Ар бир кирпичти 5 сомдон койгондо жалпысы жыйырма миң сом болот экен. Бирок, дубалды ал жалгыз эле көтөргөн жок да. Аны 4 киши көтөргөн. Жээним өзү айтып аткандай, бир ай эмес, болгону 10-15 күн эле кол кабыш кылган", — деди Боромбаев.

Нааразылык ичи тардыктан улам чыкканбы?

Таалайбек Абдрахманов: мени кулчулукка таекелерим сатып ийди
Боромбаевдин айтымында, жээни Афганистандан ала турчу айлыгы келишим боюнча 550 доллар деп белгиленген. Алар келишимде көрсөтүлгөн айлыгын маалында эле алып турушкан.

Жээни башка бөлүмдө иштеген кыргыздар алардан көп айлык аларын билип, ушундан кийин иштебейбиз деп байкот жарыялашы мүмкүндүгүн таекеси четке какпайт.

"Булар ал жакта иштеп баштагандан кийин, башка бөлүмдө кыргыз кыздар да иштешчү. Алар айына миң доллардан айлык алышат. Анан биздики эмнеге 550 доллар деп нааразы боло башташат, 10-15 күн байкот жарыялашат. Иштебесеңер силердин келишимиңерди жокко чыгарабыз деп аларды жумуштан кетиришкен", — деди ал.

Элчилик эмес, компания бардык чыгымды мойнуна алган

Нааразы болгон жумушчуларды базадан чыгарып салгандан кийин аларга элчилик жардам берди деп атышат. Бирок, чынында бардык чыгымды жумуш берген компания өзүнө алып, алардын мейманканадагы жана билетке кеткен каражатын төлөгөнүн Боромбаев баса белгиледи.

"Бул окуя эки жыл мурда болгон. Ошондон бери ушул баладан кутула албай койдум. Эмне деген жээн экенин да билбейм. Мен аны келип иште деп да чакырган эмесмин. "Жумуш таап бериңиз, кыштын күнү талаада калдым" деп келген", — дейт ал.

Абактагы 3 жыл

Боромбаев жээни Абдрахманов кайгуул күзөт кызматында иштеп, ал жактан айдалып кеткенин биздин кабарчыга билдирди.

Ал жээни эмне себептен жумушунан чыгып калганын так билбейт, бирок бирөөнүн алдамчылык жол менен каражатын тартып алганы үчүн кесилип кеткенин кошумчалады.

"Абдрахманов башында кайгуул күзөт кызматында иштечү. Ал жумушунан айдалып кеткен. Эмне үчүн айдалганын билбейм. Бирок, документтерин өткөрбөй, өзү билемдик кылып, Ош базарынын айланасында майда-чүйдө саткандардан, элден документин көрсөтүп акча алып жүрчү экен. Бир күнү бирөөнүн 100 долларын алып коюптур. Жабыркаган киши милицияга кайрылып, аны кармашкан. Бул иши жана башка аракеттери үчүн 3 жылга кесилип кеткен", — дейт ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0