Санариптик ТБнын соцпакетинде азырынча россиялык телеканалдар болбойт

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАрхив: санариптик телеберүү
Архив: санариптик телеберүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова санариптик ТБнын соцпакетинде Россиянын популярдуу телеканалдарын берүү азырынча карала элек деп билдирди. Жетекчиликке кызматташуу жөнүндө сунуштар жиберилген, бирок жооп алына элек.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова өлкөнүн санариптик берүүгө өтүүсү жөнүндө Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

— Калктын социалдык коргоого муктаж катмарларын санариптик телеберүүнүн (СТБ) ресиверлери менен камсыз кылуу маселеси кандай чечилүүдө? Аларды таратуу кечиктирилбейби?

— 2015-жылдын 17-июнуна карата санариптик ресиверлерди таратуу боюнча бардык иш-чаралар аткарылат деп ойлойм. СТБга өтүү боюнча биздин өнөктөштөрүбүз Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Унаа жана байланыш министрлигинде бул маселе боюнча мурдатан эле иш планы белгиленген. Биздин ведомство каражат бөлүп берүү боюнча документти макулдаштырып, өкмөткө берет. Жана ресиверлерди сатып алууга 20 миллион сом бөлүп берүү жөнүндө министрлер кабинетинин буйругу чыгары менен бул маселе чечилет. Бул иш мурда белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбейт деп ойлойм.

— Санариптик берүүнүн соцпакетине россиялык жана чет элдик популярдуу каналдар киреби?

— СТБга өтүү боюнча Казакстан, Өзбекстан жана Азербайджан сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасына карасак, чет элдик телеканалдар соцпакетте деги эле жок. Биздин министрлик болсо санариптик берүүгө өтүп жатканыбыз жөнүндө билдирип Россиянын телеканалдарына расмий кат жөнөткөн. Ошондой эле документте Кыргызстанда көрсөтүү пакетине кирүүнү наркы жана шарттары айкын берилген. Андан тышкары, биз бул маселе боюнча бир катар телеканалдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдүк. Маселе 2014-жылдын 2-декабрындагы кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын күн тартибине да киргизилген. Азырынча телеканалдардан жооп ала элекпиз.

— Аналогдук сигнал бүгүнкү күндө анча кенен жайылган эмес. СТБ республикада канчалык деңгээлде тарайт?

— Бүгүнкү күндө тест тартибинде тогуз гана СТБ алып бергичи иштеп жатат. Андан ары план боюнча бул санды көбөйтүү каралууда. Аналогдук берүү толук өчүрүлгөн мезгилде Кыргызстанда 54 алып бергич иштейт. Адистердин айтымында, бул өлкөнүн аймагынын 95 пайызын СТБ менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Аналогдук берүүгө салыштырганда, СТБ кучагына алган аянты жагынан эле эмес, сунушталуучу каналдардын саны жагынан да бир топ жогору болот. Мисалы, соцпакеттин мультиплекси 15тей каналды көрсөтөт, ал эми аналогдук берүүдө бул үчтөн, айрым учурда экиден ашпайт. Ошондуктан СТБга өтүүдөн көрүүчү тематикалык жактан кенен продукцияны алуу менен, утушка гана жетет. Азыр учурда бар соцпакетти кеңейтүү боюнча түрдүү сунуштар келип жатат.

Соцпакет деген эмне

Санариптик телеберүүнүн социалдык пакетин DVB-T2 форматында иштей турган тиркемеси же телевизору бар бардык көрүүчүлөр акысыз пайдалана алат.

Азыркы учурда соцпакетке КТРК, "Маданият" жана "Баластан", ошондой эле "ЭлТР", "Мир", "Бешинчи канал" жана "Пирамида" телеканалдарынын берүүлөрү кирет.

Жалпысынан социалдык пакетте жети — сегиз негизги жана бир жергиликтүү канал бар. Телеканалдардын аймактык тизмесине Оштун, Баткендин, Жалал-Абаддын, Нарындын, Таластын, Ысык-Көлдүн жана Чүйдүн областык телеканалдары кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0