Кулчулуктан бошотулган Жумагүл апасы менен жолукту

© Фото / Расул УсеналиевКулчулуктан бошотулган Жумагүл апасы менен жолукту
Кулчулуктан бошотулган Жумагүл апасы менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу Казакстанда бир нече жылдан бери эмгек кулчулугунда жүрүп, бошотулган Жумагүл Ноокат районунда жашаган апасы менен жолукту.

БИШКЕК, 10-фев — Sputnik. Казакстанда бир нече жылдан бери кулчулукта жүрүп, бошотулган Жумагүл Жусуп кызы апасы менен жолукту. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына "Замандаш" ассоциациянын өкүлү Талант Бекбаев билдирди.

Анын айтымында, Жумагүлдүн апасы Ноокат районундагы Төлөс айыл аймагына караштуу Нуркут деген айылда жашайт.

"Жумагүл апасы менен кечээ жолукту. Жолугушуу эмоциялуу болду. Алар бири-бирин кучактап алып ыйлашты", — деди ал.

Жусуп кызы үч-төрт жылдан бери Алматы облусундагы айылдардын биринде уй багып, эмгек кулчулугунда жүргөн. Аны куткарууга Алматы шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Алматы шаарындагы башкы консулдуктун өкүлдөрү жана ал жакта иштеген кыргызстандыктар жардам беришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0