ӨКМ аба ырайынын кескин бузулушунан улам, күчөтүлгөн тартипте иштей баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской республики
Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ күчөтүлгөн тартипте иштей турган болду. Аба ырайынын бузулушунан улам, аталган министрликтин өздүк курамы, түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрүнүн ишин күчтөндүрүлгөн режимде уюштурулду.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагындагы аба ырайынын кескин бузулушунан улам, күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.

Тактап айтканда, миинстрликтин өздүк курамы, түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрү күчтөндүрүлгөн режим менен иштемекчи.

"ӨКМдин жетекчилигинен жана офицердик курамынан турган, нөөмөт менен күнү-түнү иштөөнү бекиткен график түзүлдү. Бишкек жана Ош шаарлары менен облустук башкармалыктар жарандык коргонуу боюнча жетекчилер менен кеңешмелерди өткөрүүдө", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборуна жаратылыштык маанайдагы болгон окуялардын алдын алуу жана ага карата көрүлгөн чаралар боюнча ар бир төрт саатта маалыматтар түшүп турат. Гидрометеорология агенттигине Кыргызстандын кайсы жолдоруна кар көчкүлөрдүн түшө тургандыгы боюнча алдын ала маалыматты жайылтууну күчөтүүгө тапшырма берилди.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0