Осмоналиев: Мелентьев адамгерчиликтүү, акылман киши болчу

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүАлександр Мелентьев. Архив
Александр Мелентьев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Штанга көтөрүү боюнча 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев 62 жашында каза болгон Александр Мелентьевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. "Ал абдан жакшы, жоош, акылман, адамгерчиликтүү адам болчу", — деген пикирин Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев Sputnik кабарчысына билдирди.

1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадалык оюндарда Мелентьев менен чогуу болгонун айткан Осмоналиев, ал да алтын медаль алганын кошумчалады.

"1980-жылкы Олимпиадалык оюндарда биринчи алтын медалды алып келген. Экөөбүздүн мамилебиз адам катары, спортчу катары абдан жакын болчу", — деди ал.

Александр Мелентьев көп жылдар бою чет мамлекеттерде машыктыруучу болуп иштеп, акыркы жылдары гана Кыргызстанга биротоло келген.

"Александр Мелентьевди көзү тирүүсүндө сыйлаш керек эле. Ага президент тарабынан айына 20 миң сомдон берилчү стипендияны алууга жардам бердик. Ал көп убакыт бою чет мамлекеттерде машыктыруучу болуп иштеп келди. Андыктан анын иштери учурунда жакшы бааланбай калды", — деген пикирин ал кошумчалады.

62 жаштагы Александр Мелентьев узакка созулган оорудан улам каза болду. Президенттин фондунан анын үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. Анын сөөгү бүгүн, 18-февралда жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0