Вакцина КПК сейрек учурларда гана абалды күчөтүшү мүмкүн — врач-иммунолог

© Sputnik / Валерий Титиевский / Медиабанкка өтүүОоруканада. Архив
Ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер иммунологдун айтымында, вакцина сейрек учурларда денеде кызыл тактарды, паротитти же асептикалык менингитти пайда кылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 18-фев — Sputnik. "Кызылчага, паротитке жана кызамыкка (КПК) каршы вакцина эмделгендердин 0,008 пайызында гана паротитти (май чукурдун сезгенишин) пайда кылат", — деп билдирди Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун иммунологу Ольга Плотникова, борбордун жогорку окуу жайларынын биринде студенттин паротитке кабылганын комментарийлеп жатып.

Кыргызстанда кызылчага каршы улуттук эмдөө кампаниясы өтөт
Жума күнү, 13-февралда жогорку окуу жайынын студенти Ольга Капустина Facebook социалдык түйүнүндө КПКдан эмдөө алгандан кийин паротит менен ооруп калганын жазган.

Дарыгер иммунологдун айтымында, шаарда кызылча оорусу күчөп жатканда кызылчага, паротитке жана кызамыкка каршы тирүү аттенуирленген лиофилизирленген вакцина колдонулган.

Вакцинанын бир адамга эсептелген көлөмүндө кызылча вирусунун миңден кем эмес ТДЦ50, паротиттин 5 миң ТДЦ50 жана кызамыктын ТДЦ50 бар. Вакцинаны чыгаруучу болуп Serum Institute of India Ltd эсептелет.

"Вакцинанын кошумча терс таасирлери: ийне сайган жер 24 саат бою бир аз ооруп, ал көп учурда өзүнөн өзү өтүп кетет; эмделгендердин 5-15 пайызында вакцина куйгандан 7-12 күн өткөндөн кийин денени бир аз калтырак басышы мүмкүн; 2 пайызында 7-10 күндөн кийин денеде кызыл пайда болуп, ал эки күндө өтүп кетет; паротит 0,008 пайыз учурларда гана жана асептикалык менингит өтө сейрек 15-35 күндөн кийин пайда болуп, бир жума ичинде эч дарылоосуз өтүп кетет жана күчөбөйт", — деп түшүндүрдү дарыгер.

Архив: борбордук мечит - Sputnik Кыргызстан
Муфтият: дин дартка тиешелүү дары-дармектерди алууга каршы эмес
Кызылча оорусунун жайылып кетишин Плотникова калктын эмделбей калган катмарынын топтолушуна байланыштырат. Бул аталган ооруга каршы экинчи эмдөөдөн өтпөй калган жарандар. Ошондой эле эмдөөдөн баш тартуучулардын, сырткы жана ички мигранттардын өсүшү да ушуга себеп. Ал эми айрым адамдарда организминин жеке өзгөчөлүгүнө байланыштуу эмдөө жүргүзгөндөн кийин деги ооруга туруштук берүүчү иммунитет иштелип чыкпай калат. 

"Кызылча оорусуна каршы биринчи эмдөөдөн кийинки организмдин иммундук эс тутуму кыска, экинчи эмдөөдө иммунитетет көпкө сакталат, бирок өмүр бою эмес. Ошон үчүн көпчүлүк Европа өлкөлөрүнүн эмдөө календарларына 16 жаштан 20 жашка чейин кайра эмдөө киргизилген", — деп белгиледи дарыгер иммунолог.

2015-жылдын январынан бери кызылча оорусуна кабылды деп шектелген 6 миң 838 адам катталган, 62 миң 527 адам эмделип, алардын ичинде план боюнча өткөндөр да, ооруну жуктуруп алышы мүмкүн болгондор да бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0