Москва – Бишкек каттамы боюнча учкан учак тумандан улам Бишкекке эмес Ташкентке конду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет авиакомпании "Аэрофлот". Архивное фото
Самолет авиакомпании Аэрофлот. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва – Бишкек багыты боюнча учкан учак аба ырайынан улам Бишкекке коно алган жок.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкектеги таңкы тумандан улам Москва – Бишкек каттамы боюнча учкан "Аэрофлот" авикомпаниясынын учагы Бишкекке эмес Ташкентке конду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коюу туман болгондуктан учак Бишкектеги аба майданга коно албай, Ташкенттеги аба майданга конгон.

"Азыр туман тарады. Москва – Бишкек каттамы боюнча учкан учак Бишкекке учуп келүүгө даярданып жатат", — деп "Манас" аэропортунан билдиришти.

"Аэрофлот" авиакомпаниясына тийиштүү учак Москва – Бишкек каттамы боюнча такай учат.

"Манас" аба майданында жакындарын күткөндөр учак Москва шаарынан да кечигип чыкканын айтышууда. Расписание боюнча Москва – Бишкек каттамы боюнча учкан учак Бишкекке таңкы саат беште келип конушу керек болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0