Кыргызстанда насыянын 25%ын тойго, 8%ын өлүм-житимге чыгымдоого алышат

© Sputnik / Актан ТемиркановКазандагы эт. Архив
Казандагы эт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда насыя алгандардын 25 пайызы тойго, 8 пайызы өлүм-житимге, кээ бирлери кийим-кечеге да алышат экен деп билдирди ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева.

Бишкек, 19-фев, — Sputnik. Кыргызстанда насыя алгандардын 25 пайызы тойго, 8 пайызы өлүм-житимге, кээ бирлери кийим-кечеге да алышат экен. Акчаны берип жаткан микронасыялык компаниялар муну карашы керек да деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева. 

Ал айрым микронасыялык компаниялар элге насыя берүү менен байып банкка айланып жатса, ошол эле маалда банктардан алган насыяларын төлөй албаган жарандар кыйын турмушка туштугуп жатканын белгиледи. 

"Микронасыялык компаниялар байып банкка айланууда, ал эми насыя алгандардын көпчүлүгү жакырчылыкка кептелүүдө. Мындай шарт-жагдайды карап, талдоого албаган Улуттук Банктын саясатын кайдыгерлик", — дейт депутат. 

Өткөн аптанын жумасында Бишкекте кредит көйгөйү боюнча коомдук угуу болуп, бул жаатта нормативдик актыларды жакшыртуу, микрокредиттик уюмдардын ишине мониторинг жүргүзүү, элдин финансылык сабатын жакшыртуу сыяктуу бир катар көйгөйлөр айтылган.

Анда Улуттук банктын микрокредиттик компаниялар жаатында көзөмөл ишин алып буруусунун зарылдыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0