Ветеринар — көк халатчан дарыгер

Жазылуу
Борбордук клиниканын мал дарыгери Полад Сулейманов Sputnik кабарчысына төө куш менен адамдардын эмнеси окшош экендиги, жаныбарларды кантип дарылоо жана адам деп аталышы үчүн эмне кылышы керектиги жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 24-фев — Sputnik. Күн сайын борбордун ветклиникасына көп сандаган бейтаптар келет, жана алардын баары мал дарыгери Полад Сулеймановдун сүйүктүү меймандары жана достору. Мышык, ит, чычкан, төө куш менен тил табыша билген, таланттуу блогер жана жөн эле жагымдуу адам ветеринардык иште 30 жылдан бери эмгектенет.

"Болгондо да мен буга кокустан эле келип калдым. Окууга тапшырыш керек болгондо, эмнени тандарымды билбей койгом. Убакыт болсо өтүп жатат, тандай турган окуу аз. Ошондо байкем өзүнө окшоп ветеринар болууну сунуштады. Макул болдум", — дейт Сулейманов.

Отуз жыл ичинде көк халатчан дарыгердин колунан өткөн жаныбарларды саны эсеп жеткис. Анда-санда кесибинен четтеген күндөр да болгон, себеби акча табыш керек болчу, ал эми ветеринарлыктан алганы күнүмүдүк жашоого жетпейт.

"Бирок кайра эле бул жакка көңүлүм тартат. Маңдайыма жазганы окшойт", — дейт адис.

Маек учурунда ветклиникага жазылууга телефон чалгандардын аягы үзүлбөйт. Көпчүлүгү өз жаныбарларын эмдетип, пландык кароодон өткөрүп, чымчытып, стерилизациялап же кулагын тазалаткылары келет. Эстен кеткис окуялар да болот.

"Өткөн жылы бир нече төө кушту дарылоого туура келди. Аларды жергиликтүү фермалардын биринде өстүрүшөт экен. Буту сынган бир канаттууну алып келишти. Төө куштун сөөгү адамдын жото жилигиндей жоон келет. Куш остеосинтез менен ооруй турганы аныкталып, биз ага оор операция жасадык. Бөтөнчө бейтапка бөтөнчө кароо талап кылынган эле. Мындай уникалдуу операцияны Кыргызстанда эч ким жасабаганын мен билем. Ал турсун, канаттуу оорулуу бутуна таянбашы үчүн биз атайын шайман ойлоп таптык. Тилекке каршы, ээси биздин кеңештерибизге кулак салбай коюп, куш операциядан үч күндөн кийин өлүп калды. Аны өзүнө окшогон эле төө куштар чокулап салышыптыр", — дейт Сулейманов.

Үй жаныбарына ээси кантип таш боордук кыларын ал адам каары да, ветеринар катары да эч түшүнбөйт. Анын пикиринде, жаныбарлар менен кошо көп учурда ээлерин кошо психологиялык көйгөйлөрдөн дарылаш керек. Себеби бул үйдө жаныбардын жүрүм-турумуна жана жашоосуна таасир кылат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековПроверка анализов животных.
1/6
Проверка анализов животных.
© Sputnik / Табылды КадырбековОсмотр у ветеринара.
2/6
Осмотр у ветеринара.
© Sputnik / Табылды КадырбековТойтерьер — маленький пациент.
3/6
Тойтерьер — маленький пациент.
© Sputnik / Табылды КадырбековЗолотая рыбка Полада Сулейманова.
4/6
Золотая рыбка Полада Сулейманова.
© Sputnik / Табылды КадырбековДозировка для прививки.
Эмдөөнүн өлчөмү. - Sputnik Кыргызстан
5/6
Дозировка для прививки.
© Sputnik / Табылды КадырбековПолад Сулейманов и его помощник во время операции страуса.
6/6
Полад Сулейманов и его помощник во время операции страуса.
1/6
Проверка анализов животных.
2/6
Осмотр у ветеринара.
3/6
Тойтерьер — маленький пациент.
4/6
Золотая рыбка Полада Сулейманова.
5/6
Дозировка для прививки.
6/6
Полад Сулейманов и его помощник во время операции страуса.

"Кээде бизге жаш жана дени сак жаныбарды уктатып салгыла деп кызыктай өтүнүч менен келишет. Аны башка жакка көчкөндө кошо ала кете алышпайт же жөн эле тажап кетишет. Мен мындайдан дайыма баш тартам. Жаныбарды жөн эле көчөгө коё берип койсо, өзү жан багып кетет дейм. Бирок кээ бирлери көчөдө жаныбар өлүп калат, ошон үчүн бул таш боордук деп эсептешет. Уктатып өлтүрүп койгон таш боордук эмеспи?" — дейт ветеринар.

Биринчи болуп эки жашар кавказ овчаркасы Янаны алып келишти. Ээси ит болочок жубу менен жолукканга даяр экенин билгиси келет, себеби жашына ылайык ит эне болгонго даяр дейт. Овчарканы дарыгер кичинесинен эле билет. Ал ымыркайына эле ээси эмдеткени колуна көтөрүп келген. Тумшугундагы жиптин, жылуу сөздүн, сылап-сыйпоонун жардамы менен адис керектүү анализдердин баарын алып эки иттин кошулушуна уруксат берет.

"Бул иштин эң жагымсыз бөлүгү. Деги эле бул иштен жаракат да алса болот", — дейт Сулейманов.

Анын сөзүн ырастагандай, кесиптеши Николай Пятницкий мышыктар тытмалап, тиштегилеп салган колун көрсөттү.

"Болгондо да чоң эмес, кичинекей жаныбарлар баарынан көп жара калтырат. Кенедей чычкан да, кескелдирик да тиштеп алат. Ит менен оңоюраак", — деп белгиледи дарыгер.

Ветеринарлардын пикири боюнча, жаштар арасында бул кесипке ээ болууну каалагандар барган сайын азайып бара жатат.

"Аларга жарык офистерде кагаз менен иштеген, зор долбоорлорду ишке ашырып чоң акча тапкан көбүрөөк жагат. Бул да керек дечи. Бирок эптеп-септеген адис болгуча, мыкты ветеринар болгон жакшы", — деп ой бөлүшөт Сулейманов.

Дарыгерге экинчи болуп коңшу үйдөн Гера аттуу ит келди. Аны эмдетиш керек экен. Дарыгер бул итти биринчи жолу көрүшү жана экөөнүн ортосунда дароо эле ишенимдүү мамиле пайда болду. "Негизи жаныбар ким анын этин оорутканын эстеп калат. Мындайда процедураны жасаш үчүн амалкөйлүк керек. Мага дог породасынан бир чоң ит келчү. Ал өзүнүн ээси кучактап турса гана ийне сайдыра турган. Ээси кичинекей бойлуу аял болчу, экөөнү карап турсаң, жүрөгүң эзилип кетчүдөй эле", — дейт ветеринар.

Ветклиника эч кимге кереги жок күчүк, мышыктар жашоого мүмкүнчүлүк алуучу жайга айланган.

"Бизге дайыма жаңы туулган жандыктарды таштап кетишет, аларды башкаларга таратып беребиз. Бирөөнө дос белек кылган эң сонун. Кийин биз аларга өзүбүз көз салабыз", — деп бөлүштү Сулейманов.

Ал балдарды жоопкерчиликке, боорукерликке жана башка адамдык сапаттарга тарбиялоо үчүн сөзсүз үй жаныбарын кармоо керек деп эсептейт. Жана алар да мээримге, жакшы багууга, эртеңкиге болгон ишеничке муктаж тирүү жандар экенин эстен чыгарбоо керек дейт дарыгер.

Жаңылыктар түрмөгү
0