Празднование Дня Победы в Сочи

Улуу жеңиштин 70 жылдыгына арналган интернет-сайт РФте иштей баштады

102
(жаңыланган 17:12 25.02.2015)
Интернет-ресурсту иштеп чыгуучулар 1945-жылдагы советтик маалымат бюросунан кабарларды угууга, ошол мезгилдеги кинохрониканы жана сүрөт материалдарын көрүүгө мүмкүндүк берип, Жеңиш күнүн майрамдоого Россиянын түрдүү аймактары кандай даярданып жаткандыгы менен көрүүчүлөрү тааныштырат.

БИШКЕК, 25-фев — Sputnik. Россияда 23-февралда Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 70 жылдыгына карата атайы иштелип чыккан сайтты жана анын мобилдүү тиркемесин ишке киргизди деп билдирет РИА Новости майрамды медиа камсыз кылууну уюштуруу комитетине таянуу менен.

"Интернет-ресурсту иштеп чыгуучулар 1945-жылдагы советтик маалымат бюросунан кабарларды угууга, ошол мезгилдеги кинохрониканы жана сүрөт материалдарын көрүүгө мүмкүндүк берип, Жеңиш күнүн майрамдоого өлкөнүн түрдүү аймактары кандай даярданып жаткандыгы менен көрүүчүлөрдү тааныштырат. Сайтта Россия Федерациясынын 14 шаарынан жеңиш жүрүшүн онлайн алып көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да каралган", — деп белгилейт уюштуруу комитети.

Мындан тышкары, бардык социалдык түйүндөрдө Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө күндөрү өткөрүлүүчү бардык атайын долбоорлор менен акциялар боюнча маалыматар жайгаштырылган. Мисалы, "Ура, Жеңиш".

Акция Бессмертный полк
© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
Ошондой эле iOS жана Android платформасындагы мобилдүү жабдыктар үчүн атайын иштелип чыккан "Жеңиштин 70 жылдыгы" тиркемеси да ишке киргизилди.

Телефон чалууда жөн гана үн белгисин эмес, музыка уккусу келгендер аскер мезгилиндеги ыр-обондорду 1945 номери аркылуу акысыз көчүрүп алса болот.

2015-жылдын март айынын ортосунан тартып press.may9.ru сайтында басма сөз өкүлдөрү Россиянын президенти Владимир Путин чыгып сүйлөй турган иш-чарага аккредитация ала алышат.

Аталган интернет-ресурсунан Жеңиш күнүнүн бардык майрамдык прогаммасын жана Москвадагы эл аралык маалымат борборунун иши жөнүндө өз убагында маалымат ала алышат деп кабарлайт уюштуруучулар.

102
Белгилер:
интернет, мобилдүү тиркемелер, Улуу Ата Мекендик согуш, Жеңиштин 70 жылдыгы
Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)
Тема боюнча
"Өлбөс-өчпөс полк" акциясы Бишкекте башталды
Президент согуш ардагери Кутманбетовго материалдык жардам көрсөттү
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт

Зеленскийдин жыйында сүйлөп жатып катуу чыккан үндөн чочуп кеткен видеосу

42
Украина лидери муз аянтчанын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан учурда катуу үн чыккан.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Мариуполь шаарындагы Mariupol Ice Center муз аянтынын ачылыш салтанатында катуу чыккан үндөн чочуп кетти.

Окуянын видеосун "Страна.ua" Telegram-каналы жарыялады.

Окуя муз аянтчанын ачуу салтанаты бүткөндөн кийин болду. Расмий иш-чара аяктагандан соң "Мариуполь" менен "Сокол" (Киев) хоккей командаларынын беттеши башталган. Бул учурда украина лидери муз аянтынын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан.

Видеодо көрүнүп тургандай, президент сүйлөп жатканда күтүүсүз жерден катуу үн чыккан. Зеленский чочуп кетип, кулагын жаап калганы көрүнүп турат. Ал учурда анын жанына дароо жан сакчы келе калган.

"Баары жайында, баары жайында", — деген Зеленский.

Президент андан ары тамашага салып жыйында жалаң баатыр жүрөктүү спортчулар отурганын айтып сөзүн улаган.

Зеленский трибунада сүйлөп жаткан Лукашенкону чочутту. Видео

Зеленский техникалык себептерден улам жолугушууну үн күчөткүчсүз эле улантууну сунуштаган.

42
Белгилер:
үн, Украина, Владимир Зеленский
Тема боюнча
Рада депутаты: Украинада Зеленскийди тактан кулатууга даярдык жүрүп жатат
Жооп берип каласыз! Кадыров Зеленскийдин кечирим суроосун талап кылды
Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери

ИИМ БШКны кандай негизде тинтип, текшерип жатканын түшүндүрүп берди

39
(жаңыланган 16:53 24.10.2020)
ИИМ БШКнын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө кийлигишпей турганын жана ага укугу жок экенин эскертти.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык документтерин алууга уруксат берген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому бар. Азыркы учурда документ күчүнө кирип, аны аткаруу милдети ИИМге жүктөлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги БШКны эмненин негизинде тинтүүгө алганын түшүндүрүп жатып айтты.

Эскерте кетсек, түшкө маал БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатканы кабарланган. Буга комиссиянын кызматкерлери нааразычылыгын билдирген болчу.

БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгиледи

Билдирүүдө ИИМдин тергөө кызматы Жазык кодексинин 331-беренесинин ("Шалаакылык") негизинде сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатканы белгиленет. Министрликтин айтымында, материалды Башкы прокуратура 2020-жылдын 8-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин бирдиктүү реестрине каттаган.

"Кыргызстандын "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамында жарандар өздөрүнүн шайлоо укугун ишке ашырууга, мыйзамдардын талаптарын катуу сактоо менен шайлоого катышууга укуктуу экени жазылган. Бирок шайлоону даярдоодо жана өткөрүү учурунда бир топ мыйзам бузуулар аныкталган. Муну маалымат ресурстарындагы жаңылыктар, укук коргоо органдарынын бирдиктүү реестрине каттаган материалдар тастыктайт. Шайлоо мыйзамдарын бузуу массалык башаламандыкка алып келип, масштабдуу каршылык акциясы өткөн. ИИМ өз ишин мыйзамды сактоо менен өз ыйгарым укуктарынын чегинде гана иш алып барып жаткандыгын билдирет. Жогорудагы тергөө амалдары Жазык кодексинин жобосуна ылайык жүргүзүлүүдө. БШКнын бардык тиешелүү документтерин алууга уруксат берген Биринчи май райондук сотунун токтому бар. Азыркы учурда токтом күчүнө кирип, аны аткаруу милдети жүктөлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш аталган комиссиянын 5-октябрга чейинки ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени кошумчаланды.

Мындан тышкары, ИИМ Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө кийлигишпейт жана укугу жок экенин эскертти.

39
Белгилер:
акция, шайлоо, комиссия, Башкы прокуратура, мыйзам, ИИМ, БШК
Тема боюнча
БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатат
Премьер-министр Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

0
(жаңыланган 17:19 24.10.2020)
ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткандан кийин бул кызматты премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаров аркалап калган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров чет өлкөгө болгон алгачкы сапарын Россияга жасайт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдиргенин Sputnik радиосу жазды.

"Биз чет өлкөгө чыгуу маселесин көп талкуулайбыз. Айрым мамлекеттерден чакыруу түштү. Бирок биз үчүн, албетте, Россия артыкчылыктуу мамлекет болуп саналат", — деди Казакбаев.

Министр бул тема Россия ТИМ башчысы Сергей Лавров, ошондой эле РФ президентинин администрациясы менен талкууланганын кошумчалаган.

Казакбаев: Россия Кыргызстандын союздашы болуп келген жана боло берет

Эскерте кетсек, Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин талабынан улам отставкага кеткенин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирген. ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткандан кийин бул кызматты премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаров аркалап калган.

0
Белгилер:
чет өлкө, иш сапар, Россия, Руслан Казакбаев, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров эки шайлоо тең март айына чейин бүтүп каларын айтты
Садыр Жапаров: "Манас" аэропортунун жаңы жетекчиси кызматынан кетмей болду