Бишкектин ЖЭБинде жылуулук агрегаттары менен турбогенераторлорун чечүү башталды

Жазылуу
Бишкектин ЖЭБин жаңылантуу иштеринин алкагында биринчи жылуулук агрегатын чечүү 12-февралда башталды. 2015-жылдын 1-декабрына чейин ишкананын жетекчилиги эскирген жабдууларды чечип жыйноо иштерин толук бүтүрүүнү убада кылат.

БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. Бишкектин жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жабдууларды чечүү иштери башталды деп айтып берди Sputnik кабарчысына ишкананы жаңылантууну башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов.

Бишкек жылуулук борборунун эски жабдыктарын алмаштыруу
Анын айтымында, жабуударды чечүү өткөн жылы сентябрда башталат деп жарыяланганына карабай, бул ишке Кытайдын TBEA компаниясы үстүдөгү жылдын 12-февралында гана киришти. Буга энергиячылардын кышкы жылуулук берүү мезгилин тынч аяктоону чечкендиктери себеп болду. 

Бишкектин ЖЭБинде жылуулук агрегаты менен турбогенераторлорун чечүү башталды

Бишкектин жылуулук берүүчү башкы ишканасын жакшыртуу долбоору үч баскычтан турат. Биринчисинде жабдуулардын ишеничтүүлүгүн камсыз кылуу каралган, экинчисинде болсо сегиз казанды жана төрт турбинаны чечүү иштери жүрөт. Бул 2015-жылдын 1-декабрына чейин аякташы керек. Үчүнчү баскычында ЖЭБди жаңылоо иштери аткарылат. 

"Эски жабдуулар саатына 700 тонна буу иштеп чыга турган кубаттуу эки казан менен алмаштырылат. Азыр ар бир казандын кубаттуулугу саатына 160 тонна бууну бере алат", — деди Бримкулов.

Жаңылоо иштери 2017-жылдын аягына чейин жүрө тургандыгын белгиледи ал. Биринчи жаңы казан 2017-жылдын 15-июнунда ишке киргизилмекчи.

"Өлкөнүн түндүгүндөгү башкы энергетикалык ишкананы жаңылоого бардыгы болуп 386 миллион доллар бөлүнүп жатат", — деп кабарлады Бримкулов.

Адис белиглегендей, биринчи казанды чечип алуунун үстүндө кытай аткаруучусу жалдаган 102 адам иштеп жатат. Алардын баары кыргызстандыктар, бирок ТЭЦтин жумушчулары эмес. Иштегендер жабдуунун тазалоо, түтүктөрдү жана атайын агрегаттарды чечүү менен алектенүүдө.

"Албетте, биз иштеп жаткан жабдуунун жанында бул жумуштарды аткарышыбыз көп суроолорду жаратууда. Ээн жерде оңоюраак болмок: бир таякты белги кылып сайып койсоң эле жетет. Бул жакта болсо биринчи жана экинчи агрегаттарды чече баштаганыбыз менен, калган жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин да камсыз кылышыбыз керек. Жабдуулар чечилип жаткан жерде башка коммуникациялар – ошол эле түтүктөр, газ өткөргүчтөр да иштеп жатат. Калган жабдуулар жакшы иштеши үчүн трассалардын өзгөрүүсүн жөндөштүрүү зарыл", — деп кошумчалады Бримкулов.

TBEA компаниясы өлкөнүн "Электр станциялары" ААК жана өкмөтү тарабынан Бишкектин ЖЭБин жаңылоо үчүн өткөн жылдын май айында тандалып алынган. Ишкананы жаңылоого Кытайдын Экспорттоо-импорттоо банкынан ШКУ аркылуу насыя 2 пайыз жылдык үстөк төлөм менен алынды. Аны төлөп берүү мөөнөтү 20 жыл. Кыргызстан насыя боюнча үстөк төлөмдү гана жүргүзө турган жеңилдик берилген мөөнөт 11 жылды түзөт. 

Жаңылоонун алкагында ЖЭБтин 11 турбогенераторунун ичинен эскилиги жеткен төртөөнү толук чечип салып, алардын ордуна эки жаңы генератор орнотуу пландалган. Ал эми калган жетөө оңдолуп чыгат. Ошентип, Бишкектин ЖЭБи электр кубатын эки эсе көп иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0