Рабочие во дворе одного из домов. Архив.

Былтыр жаштардын эмгек биржасына алты миңге жакын аял кайрылган

82
(жаңыланган 13:03 02.03.2015)
Былтыр 2014-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аймактардагы Жаштардын эмгек биржасына 10 702 киши кайрылган. Алардын 5 714тү аял болсо, 1 428и жаш өспүрүм.

БИШКЕК, 2-мар — Sputnik. Былтыр Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жаштарды, өспүрүмдөрдү жана студенттерди ишке орноштуруу боюнча активдүү иштешкен. Жаштардын эмгек биржасына 10 702 киши кайрылып, алардын 5 882сине жумуш таап берилгенин аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин билдиришинче, жумушка орноштурулгандардын 3 215и аялдар жана 818и жаш өспүрүм балдар.

Ошондой эле, жумуш берүүчүлөр менен да иш алынып барылган. Жаштардын эмгек биржасынын кызматкерлери 1550дөн ашык мекеме-ишкананы кыдырып, 3700дөн ашык бош орун аныкташкан.

Андан сырткары, эмгек рыногундагы чыңалууну тең салмактоо үчүн "Бош орундар жарманкеси" уюштурулуп келет. 2014-жылы жалпысынан 52 жолу жарманке уюштурулуп, ага төрт миңден ашык киши жана үч жүзгө жакын жумуш берүүчү катышкан. Мындай жарманкенин жыйынтыгында 3 392 киши жумуш менен камсыздалган.

2014-жылдын 20-ноябрында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да "Бош орун жарманкеси" уюштурулган.

Жаштардын эмгек биржасы реаблитациялык борборлордун жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын да жумуш менен камсыздап келет. Былтыр эмгек биржасына 468 жаш өспүрүм кайрылган. Анын 281и туруктуу, убактылуу жумуштарга орноштурулган.

82
Белгилер:
бош орундар, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги
Тема боюнча
Эмгек министрлиги: жумушсуздуктун саны өскөнүнө карабай, бош орундар дагы деле бар
Пикирлер