Балдарга жасалган кордукка каршы митинг соттун тыюусуна карабай өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг "Защитим детей – спасем будущее страны!".
Митинг Защитим детей – спасем будущее страны!. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын борбордук аянтында балдарга жасалган кордукка каршы митинг өтүп, ага жүздөй киши катышты.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Борбордук Ала-Тоо аянтка чогулгандар акыркы убактарда балдарга жасалып жаткан зордук-зомубулукка каршы митингге чыкты. Алар мамлекеттик тийиштүү органдардан балдардын коопсуздугун камсыз кылууну жана бул багытта натыйжалуу иш алып барылышы керектигин талап кылышты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВ акции "Защитим детей – спасем будущее страны!" приняли известные деятели Кыргызской Республики
1/5
В акции "Защитим детей – спасем будущее страны!" приняли известные деятели Кыргызской Республики
© Sputnik / Табылды КадырбековНа центральной площади "Ала-Тоо" в Бишкеке прошел митинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"
2/5
На центральной площади "Ала-Тоо" в Бишкеке прошел митинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"
© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"
3/5
Митинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"
© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"
4/5
Митинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"
© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"
5/5
Митинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"
1/5
В акции "Защитим детей – спасем будущее страны!" приняли известные деятели Кыргызской Республики
2/5
На центральной площади "Ала-Тоо" в Бишкеке прошел митинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"
3/5
Митинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"
4/5
Митинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"
5/5
Митинг "Защитим детей – спасем будущее страны!"

Митингде сөз сүйлөгөг Садык Шер-Нияз, балдарга жасалган зордук-зомбулук моралдык деградациядан улам келип чыгып атканын айтты. Андыктан биз өзүбүздүн салт-санаабызга кайтып, нарк насилибизди сакташыбыз керектигин баса белгиледи. 

Митингге чыккандар колдоруна "Балдарга кол көтөрбөгүлө", "Биз зордук-зомбулукка каршыбыз" деген транспаранттарды кармап турушту.

"Адилет" укук коргоо клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова, кордук көбүнчө үй-бүлөдө жасалып жатканын баса белгиледи. 

"Биздин эркектердин балдарга жасаган зөөкүрлүгүндө сөз жок, алардын аракети акылга сыйбайт", — деди.

Жакупова ошондой эле аталган митингди өткөрүү боюнча арыз Бишкек мэриясына бир жума мурун берилгенин белгиледи.

"Мэрияга өткөн жумада эле бергенбиз. Бирок, бүгүн саат 11де бизге Биринчи Май райондук сотунун чечимин беришти. Алар митингди Горький паркында өткөргүлө дешти. Сот мындай чечимин ушул күндөрү Кыргызстанда расмий иш сапары менен жүргөн Татарстан менен Башкырстандын президенттерине байланыштуу деген. Мамлекет өз элинин көйгөйлөрүн угуп, аларды баарынан өйдө коюш керек. Качан гана мамлекет элдин талабын, үнүн укканда гана анда өнүгүү болот", — деди ал.

Митингдин аягында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларга жасалган зомбулукту жою жөнүндө юристтер тарабынан иштелип чыккан резолюция КР өкмөтүнө, президенттин аппаратына жана Жогорк Кеңешке берилери айтылды. Митингдин катышуучулары бул сунуштун аткарылышын талап кыла турушкандыктарын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0