Абдыганы Эркебаев: Илим тармагын өнүктүрүү үчүн Башкыртстандан үлгү алыш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук Илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев жана билим берүү министри Эльвира Сариева
Улуттук Илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев жана билим берүү министри Эльвира Сариева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук университетте Башкыртстандын маданият жана илим күндөрүнүн алкагында атайын жыйын өтүп, эки мамлекеттин маданият жана илим жаатында кызматташуусу талкууланды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Улуттук Илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев илим тармагын өнүктүрүүдө Кыргызстан Башкыртстандан үлгү алса боло турганын айтты. 

"Башкыртстандын Илимдер академиясы Россиядагы илимдин өнүгүшүнө өзгөчө чоң салым кошуп келет. Кыргызстан менен Башкыртстан илимий жактан байланышуусу керек. Илим менен маданият экономикалык жактан да байланышууга чоң өбөлгө болот", — деген пикирин ал Улуттук университетте Башкыртстандын маданият жана илим күдөрүнүн алкагында өткөн жыйында билдирди.

Эркебаев ошондой эле, эки мамлекеттин маданият жаатында кызматташуусу мурдатан келе жатканын айтып, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен башкырлардын акын, жазуучусу Мустай Карим жакшы санаалаштардан болгонун кошумчалады.

Башкыртстан республикасынын премьер-министринин орун басары Салават Сагитов Кыргызстан менен Башкыртстандын окшош жактары көп экенин белгиледи. Ал эки мамлекет мындан ары экономикалык жактан, илим, маданият жагынан достугун чыңдашы керектигин айтат.

Сагитов Кыргызстан менен Башкыртстандын бири-биринен үйрөнө турчу нерселери абдан көп дейт.

"Башкыртстанда агрардык тармак, айыл-чарба продукцияларын кайта иштетүү, мал чарбачылыгы жана балчылык жакшы өнүккөн. Биз өз тажрыйбабызды кыргызстандык досторубуз менен бөлүшкөнгө даярбыз. Ошондой эле кымызды даярдоо ыкмалары да өзгөчө. Бул багыттан алганда эки мамлекеттин орток нерселери көп", — деди ал.

Премьер-министрдин орун басары Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциялы чоң экенин белгилеп, бул жаатта да биргелишип иштөө керектигин кошумчалады.

Жыйынга КР Билим берүү министри Эльвира Сариева, Кыргызстандын окумуштуулары, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайдын ректорлору менен окутуучулары катышты.

Жыйындын соңунда Башкыртстандын өкүлдөрү КР Улуттук илимдер академиясына 7 томдон турган Башкыртстандын тарыхын, Башкырстандын Илимдер академиясы иштеп чыккан Академиялык сөздүктү тапшырды.

3-6-март күндөрү Бишкек шаарында Башкыртстандын маданият жана илим күндөрү өтүүдө. 3-мартта "Манас" кинотеатрында башкыр киносунун күндөрү ачылса, бүгүн, 4-мартта, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Башкыртстандын маданият жана илим күндөрүнүн расмий ачылышы болот.

Ошондой эле, ушул күндөрү Башкыртстандын президенти Рустэм Хамитов Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0