Спикер Жээнбеков: Туубуз бийик болсун, башыбыздан ал калпагыбыз түшпөсүн

Жазылуу
Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбек кыргызстандыктарды ак калпак күнү менен куттуктады.

Бишкек, 5-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү парламенттин пленардык жыйынын ачып жатып Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бардык кыргызстандыктарды ак калпак күнү менен куттуктады.

"Манастай" океанды түшүндө көрүп, касиет берилип, ушуга чейин алып калган жападан жалгыз — кыргыз эли. Ак калпак күнү менен сиздерди куттуктайм, желегибиз дайыма желбиреп, туубуз бийик болсун, башыбыздан ал калпагыбыз түшпөсүн. Бардыгыбыз кыргыз мамлекети менен, Кыргызстан менен сыймыктанабыз", — деди төрага Жээнбеков. 

Ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, төрт жылдан бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келе жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0