Празднование Дня Победы в Киргизии

Жеңиштин 70 жылдыгына карата "Эскерүү эстафетасы" менен "Жашыл толкун" болот

(жаңыланган 10:30 06.03.2015)
Жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкекте эл аралык "Эскерүү эстафетасы" жана "Жашыл толкун" акциялары өтөт.

Бишкек, 6-мар. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата "Эскерүү эстафетасы" жана "Жашыл толкун" акциялары КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы (ПАА) менен бирдикте Бишкек шаарында өткөрүлөт. Ага КМШга мүчө мамлекеттердин депутаттары катышмакчы. 

Шаршемби күнү аталган акцияларды өткөрүүгө даярдыктар боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү. Уюштуруу комитетин Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров жетектейт. Анын курамына депутаттар, өкмөт менен Бишкек шаарынын мэриясынын мүчөлөрү, КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары – КМШ ПААдагы ЖКнын туруктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев жана КР Согуштун жана ооруктун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагасы Тарас Токомбаев кирген. 

ЖК депутаты Бахтияр Кадыров бул иш-чара баатырлардын элесине көрсөтүлгөн урмат гана болбостон, жаштарды атуулдукка тарбиялоонун каражаты болуп саналарын айтты. "Биз ардагерлерибизге майрамдык маанай түзүп берүүгө аракеттенишибиз керек", — деди Кадыров. 

Депутат Курмантай Абдиев парламент Улуу Ата Мекендик согуштун ардегерлерине кам көрүүнү колго алып, алардын социалдык-экономикалык зарылчылыктарынын бир бөлүгүн камсыздашы тууралуу пикирин билдирди. 

"Биз көчөт отургузууну сунуштап жатабыз, бул ишти салтка айлантуубуз кажет. Муну менен биз шаарды жашылдандырууга дагы салым кошобуз. Сейил бактар биздин кийинки муундарга калат", — деди Абдиев. 

Тарас Токомбаев мындай иш-чараларга жаштардын активдүү катышуусун, иш-чараларды өз деңгээлинде өткөрүүгө ЖК депутаттарынын аракеттерин кубаттады.

Белгилер:
оорук, "Жашыл толкун", "Эскерүү эстафетасы", Жеңишке 70 жыл, Парламенттер аралык ассамблеясы, Бахтияр Кадыров, Төрөбай Зулпукаров, Нурбек Сатвалдиев, Курмантай Абдиев, КМШ
Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)
Бишкек шаарындагы эмен багы. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

Абанын температурасы жогорулаганына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+24, Ош шаарында +23…+25 градус болору болжолдонду.

Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кайра суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Абхазиянын номери тагылган унаа. Архив

Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн

(жаңыланган 20:04 13.04.2021)
Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү ЕАЭБдин бажы нормалары боюнча мыйзамдарын бузууга жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Абхазиянын номери тагылган унаалар бажы көзөмөл аймагындагы убактылуу сактоочу кампага киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү мыйзам бузууга жатат.

"Чет элдик жарандар ЕАЭБдин аймагына үчүнчү өлкөлөрдүн жеке колдонуусу үчүн унаасын ала келсе болот. Бирок андай машинаны КРдин аймагында колдонууга бир жыл гана убакыт берилет", — дешти министрликтен.

Киргизилген унааларды ЕАЭБдин аймагында үчүнчү тараптарга сатууга жол берилбейт. Декларант анын атына жазылган унааны өзү гана айдашы керек.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагынан бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Абхазиянын номерлерин тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.

Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, мыйзам бузуулар, унаа, Абхазия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда
ЕАЭБ аймагында өзү өччү чылым пайдалануу сунушталып жатат