Ош шаарында бала бакча менен 30 пайызга камсыз болгон

© Sputnik / Александр Кожохин / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын мэри эки жыл аралыгында Ош шаарынын бөбөктөрүнө төрт бала бакча тартуулай тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. "Эки жыл аралыгында Ош шаарынын жашоочуларына, бөбөктөргө баш-аягы болуп төрт бала бакча тартуулайбыз", — деди Ош шаарынын мэри аталган калаанын 2014-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берип жатып.

Анын айтымында, 1990-жылдардан кийин Ош шаары боюнча 46 бала бакча ар кандай себептер менен менчиктин ар кайсы түрүнө өтүп кеткен.

"Учурда шаарда бала бакчалар менен 30 пайыз эле камсыз болгон. Бул багытта былтыр эки бакчанын курулушун баштап, 120 орундуусун 4,5 айдын ичинде бүтүрүп, колдонууга бергенбиз. Июнда экинчисин бүтөбүз. Андан сырткары дагы эки бакчаны курууну пландап жатабыз. Быйыл төрт бала бакчаны шаардыктарга тартуулайбыз", — деди мэр Кадырбаев.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0