SİM-карталарды ээсине каттоо 8-августка чейин узартылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүSİM-карталарды ээсине каттоо 8-августка чейин узартылды
SİM-карталарды ээсине каттоо 8-августка чейин узартылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
SİM-картаны милдеттүү түрдө каттоо 2015-жылдын 8-августуна чейин байланыш операторлорунун суранычы менен узартылды. Себеби, көпчүлүк кардарлар номерлерин каттатууга үлгүрбөй калышкан.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. SİM-картаны милдеттүү түрдө ээсине каттатуу кампаниясы 8-августка чейин узартылганын Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин SİM-картаны каттатуунун акыркы күнү 8-мартка чейин деп айтылган. Номерин каттатпаган жарандардын номери өчүрүлүп, байланышы чектеле турганын билдиришкен.

Деньги с телефоном - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК: сим-карталарды жекелештирүү телефондук алдамчыларга бөгөт болот
Мекемеден билдиргендей, номерди каттатуу кампаниясы байланыш операторлорунун суранычы менен узартылды. Анткени көпчүлүк операторлордун абоненттери номерлерин каттата элек. Ошол эле учурда, бир дагы оператор кардарларынын 100 пайызын каттоого үлгүргөн эмес.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматына ылайык, март айына карата алынган маалымат боюнча 5 миллион 351 миң 780 абонент номерин каттаткан.

"Альфа Телеком" ЖАК кардарларынын 52 пайызын каттаган. Тактап айтканда, 1 миллион 617 миң 422 абонент. "Нур Телеком" ЖЧКсы 72,19 пайыз (1 миллион 192 миң 52 абонент),"Скай Мобайл" ЖЧКсы 59, 8 пайыз (2 миллион 542 миң 300 абонент) абонентин гана каттоого үлгүргөн.

Теги: Мамлекеттик байланыш агенттиги, "Альфа Телеком" ЖАК, "Нур Телеком" ЖЧК, "Скай Мобайл" ЖЧК


Жаңылыктар түрмөгү
0