Бишкекте спайс сатуучу Skype аркылуу кайрылган адамды тизмесине эки мүнөттө кошту

Жазылуу
Skype түйүнүндөгү ХХХspais деген логиндин ээси ага кайрылган кардардын өтүнүчүн канааттандырып, эки мүнөт ичинде аны виртуалдуу тааныштарынын тизмесине кошуп, чегүүчү аралашманы берүү жол-жобосу менен баасы боюнча маалымат бергенге жетишти.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Биздин маалымат сайттын кабарчысы шаардын борборундагы дубалдардын биринде жазылган логин боюнча Skype аркылуу байланышка чыгып, ал дарек аркылуу чын эле баңги затын сатыла тургандыгын билди. 

ХХХspais логининин ээси ага кайрылгандан кийин, эки мүнөт ичинде виртуалдуу тааныштарынын тизмесине кошуп, чегүүчү аралашма боюнча өтүнүчүн канааттандырган. Тактап айтканда, кабарчы интернет аркылуу синтетикалык баңги затын алуунун жол-жобосу, баасы боюнча толук маалымат алган. 

Интернет аркылуу байланышып жаткан учурда аралашма "Аврора" деп аталары жана электрондук "акчаны" колдонуу менен сатыла тургандыгы аныкталды. Баасын түшүрүү боюнча соодалашууга макул болгон жок. Кабарчы накталай акчасы жетпей жатканын билдиргенде, сатуучу "Уурдаба" деп жооп берди. 40 мүнөттөй убакыт өткөн соң "татып көрүүгө" бере турган өлчөмдү ылдыйлатты, ал арзаныраак экен. 

Мурдараак Бишкектин тургуну Владимир Плужник шаардын борборунда, куранттардын каршысында жайгашкан зергер дүкөнүнө жакын жерде кетип бара жатып, кайсы бир адам Skype түйүнүндө ачылган ХХХspais логини аркылуу баңги сунуштаган жазуусун көргөнүн Sputnik сайтына билдирген эле. 

Кесиби боюнча юрист Плужник спайсты сатуучуларга каршы чара көрүү жөнүндө Ички иштер министрлигине кайрылууга ниеттенүүдө. Андан сырткары Skype түйүнүнөн аталган логинди тороп салуу жөнүндө соцтүйүндөрү аркылуу баарына кайрылуу жасамакчы. 

Ал укук коргоо органдарына синтетикалык баңги затын сатуучуларга каршы чара көрүү боюнча арыз жазаарын айтты.

"Балдар аны менен байланышпашы үчүн соцтүйүндөр аркылуу бардык ата-энелерге бул даректи жаап салуу жөнүндө өтүнүч жибердим. Бул албетте, маселени чечпей турганын түшүнөм. Менин ИИМге жазган арызым да эч пайда бербейт, себеби бул баңги заттарга биздин мыйзамдарда тыюу салынган эмес", — деди Плужник.

Спайс — химиялык иштетүүдөн өткөн чөп түрүндө сатылуучу синтетикалык аралашмалардын түрү. Spice англис тилинен которгондо "татымал" деп которулат. Спайс аны чеккен кишинин психикасына катуу таасир кылганы менен, так формуласы жок. Себеби тиги же бул түрүнө тыюу салынар замат аны чыгаруучулар дароо формуласын өзгөртүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0