Алмазбек Атамбаев айымдарды аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЖоогазын. Архив
Жоогазын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев айымдарды жаздын алгачкы майрамы менен куттуктады.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев айымдарды 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

Президенттин куттуктоосунда жаз менен кошо келген бул майрамды баардык жаран кубануу менен белгилей турганы жазылат.

"Сиздер, урматтуу аялдар – Кыргызстандын кутусуңар! Даанышман энелерибиз жана апаларыбыз үй-бүлө очогун сактайт. Ал эми сүйүктүүлөрүбүздүн жылмаюусу, кыздарыбыздын жана неберелерибиздин күлкүсү кыйналып турган учурларда кубаныч тартуулайт. Сиздер бар үчүн адамзат бар!", — деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Өлкө башчысы ошондой эле, үй-бүлө очогунун сактоочулары болгон кымбаттуу апаларга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрдү айтты.

Аялдардын эл аралык күнү белгилөө демилгесин Германиянын социал-демократтар партиясынын аялдар тобунун лидери Клара Цеткин 1910-жылы Копенгагенде өткөн Иштеген аялдардын 2-эларалык конференциясында көтөрүп чыккан. Цеткин бул майрам ар бир өлкөдө бир күндө майрамдалышын сунуштаган. Майрамдын максаты аялдардын өз укугун коргоого күрөшүүсү болгон.

Бүгүнкү күнү бул майрам баштапкы максатындагыдай белгиленбейт. Ал жаздын келиши, аялзатынын сулуулугун, назиктигин жана аялдарга көңүл буруу катары белгиленип келет.

Бул майрам Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 1975-жылдан бери "Аялдардын эл аралык күнү" катары расмий макам алып, майрамдалып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0