Куран окуу боюнча жарышка Ош облусунан төрт бала катышат

Жазылуу
Бишкек шаарында 12-мартта Куран окуу боюнча балдар арасында республикалык конкурс өтөт.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. "Адеп Башаты" коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан 12-мартта өткөрүлө турган республикалык Курани Карим жарышы боюнча бешинчи сынакка Ош облусунан төрт катышуучу жөнөтүлөт. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Түштүк аймактын имамдары жыйырма күндүк окуудан өттү
Ош облусундагы медреселерден катышкан балдар Куран окуу боюнча жакшы жетишкендиктерди камсыз кылышты. Ош облусунун жана Ош шаарынын казыяттарына караштуу медреселерде окуп жаткан 62 баланын арасынан конкурстук негизде төрт бала тандалып алынган. 

Ош аймагындагы тандоо туруна өз каалоосу менен катышкан 10 жашар Анвар Мирзаев Ош облусунун казысынын атайын белегине ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0