БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов маалымат жыйынында жаңы конуштардын жашоочуларынын укуктарын мыйзамдаштыруу зарылдыгын билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин айланасындагы жерлер кезегинде басып алуучулук менен алынгандыгын ачык айтыш керек.
"Баш мыйзамда айтылгандай, Жарандардын социалдык кепилдиктерге жеткиликтүү болушун сунуштайбыз, бирок, бул жер тилкелерин мыйзамдаштыруу дегендик эмес. Бул жерлер муниципалдык болуп кала берет, башкача айтканда, пайдаланууга убактылуу берилет", — деди Кулматов.
Шаар башчысы Башкы план боюнча шаардын таштандыларын төгүүчү жайдын жанына жаңы конуш эмес, сейил бак аймагы түшүшү керек эле.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.