Курительная смесь Спайс

Жаңы баңги заттардын түрлөрүнө КРде тыюу салуу сунушталууда

55
(жаңыланган 17:30 10.03.2015)
Демилгечилердин билдирүүсүнө ылайык, мыйзамдарга "коркунуч туудурушу мүмкүн болгон жаңы психоактивдүү заттар" деген түшүнүк киргизилип, ошондой эле өлкөдө тыюу салынган баңги заттардын тизмеси жаңыртылып, ага кеңи тараган түрлөрүнүн бири — спайс киргизилмекчи.

БИШКЕК, 10-мар — Sputnik. Баңги заттын жаңы түрлөрүн Кыргызстанда тыюу салынган заттардын тизмесине киргизүү сунушталууда. Муну демилгелеп чыккан парламенттин депутаттары Административдик кодекске жаңы оңдоолорду коомдук талкууга алып чыгышты.

Депутаттар Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев мыйзам долбоору баңги заттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү тармагындагы мыйзамдарды жакшыртууга багытталып, коркунуч туудурушу мүмкүн болгон жаңы психоактивдүү заттарга өлкөдө сатууга тыюу салат деп билдирет. Мыйзам долбооруна ылайык, "коркунуч туудурушу мүмкүн болгон жаңы психоактивдүү заттар" деген түшүнүктү киргизүү сунушталып жатат. 

Долбоорго карата берилген негиз-түшүндүрмөдө спайс деп атала турган чегүүчү аралашмаларга да тыюу салынат деп жазылган. 

Ошону менен бирге аталган долбоорго ылайык, коркунучтуу болушу мүмкүн болгон жаңы заттарды ыйгарымдуу мамлекеттик органдар илимий, окуу жана эксперттик максаттарда пайдаланууга укуктуу. 

Тиги же бул затты тизмеге киргизүү жөнүндө чечимди Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат кабыл алат.

Коркунуч туудурушу мүмкүн болгон жаңы психоактивдүү заттарды мыйзамсыз пайдаланган адамдарды аныктоо жана каттоого алуу тартибин белгилөө Кыргызстандын өкмөтүнө сунушталат.

Ошондой эле баңги заты сатылгандыгы аныкталган учурда көңүл ачуучу жайларды үч айга чейинки мөөнөткө жабууга мүмкүндүк берүүчү укуктук ченемди киргизүү сунушталууда. Экинчи жолу мыйзам буза турган болсо, андай жайлар алты айга чейин же айрым учурларда таптакыр жабылышы мүмкүн. 

Өспүрүм тыюу салынган баңги затын үзгүлтүксүз пайдалангандык үчүн ага жооптуу адамдар (ата-энеси, педагогдор) 1 миңден 2 миң сомго чейинки айыпка жыгылат. Эгер жаш курагы жете элек бала коомдук жайга мас абалында келе турган болсо, ага жооптуу адамдар 100 сомдон 200 сомго чейин айып тартат. 

Андан тышкары, демилгечилер өлкөнүн мыйзамдарына коркунуч жаратышы мүмкүн болгон баңги заттардын жаңы түрлөрүн сатуу максатында чыгаргандык үчүн кылмыш жаза жоопкерчилигин киргизүү зарыл деп эсептешет. Бул сунуш КРдин Кылмыш жаза кодексине киргизүү үчүн кароого долбоордун жумушчу тобуна жолдолот. 

Спайс — химиялык иштетүүдөн өткөн кайсы бир чөп түрүндө сатылуучу синтетикалык аралашмалардын бренди. Spice англис тилинен "татымал" деп которулат. Спайс аны чегүүчүнүн психикасына катуу таасир кылганы менен, так формуласы жок. Себеби тиги же бул түрүнө тыюу салынар замат аны чыгаруучулар дароо формуласын өзгөртүп турат. 

55
Белгилер:
Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев, Спайс
Тема боюнча
Мамдуманын комитети спайстарды сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун колдоду
Кыргызстанда спайс менен синтетикалык баңгизаттар азыраак таралган
Бишкекте спайс сатуучу Skype аркылуу кайрылган адамды тизмесине эки мүнөттө кошту
Экс-депутат Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан кимдер өттү? 6 талапкердин аты-жөнү

663
(жаңыланган 00:06 29.11.2021)
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы АСУнун болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болду.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган АСУ эсебинин натыйжасы боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышына кимдер депутат болуп барары белгилүү болду.

Ага ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан алты талапкер эл өкүлү болуп келген.

  1. Адахан Мадумаров;
  2. Исхак Масалиев;
  3. Эмиль Токтошев;
  4. Алишер Эрбаев;
  5. Орозайым Нарматова;
  6. Гуля Кожокулова.

Аталган партия алдын ала эсеп боюнча республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болду.

АСУ болжолдуу жыйынтыктарды жарыялагандан кийин БШК добуштарды кол менен санайт. 18-декабрга чейин БШК парламенттик шайлоонун партиялык тизме боюнча да, бир мандаттуу округ боюнча да акыркы жыйынтыгын айтышы керек.

663
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, шайлоо, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, депутаттар
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
"Ишеним" партиясынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? 12 талапкердин аты-жөнү
"Ыйман нуру" партиясынан депутат болчулар. Беш талапкердин аты-жөнү
"Ынтымак" партиясынан кимдер өттү? 7 талапкер
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архивдик сүрөт

Шайлдабекова БШКнын сайты эмнеге иштебей калганына жооп берди

317
(жаңыланган 00:03 29.11.2021)
БШКнын башчысы эгер шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар болсо, бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырды.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

Шайлдабекованын айтымында, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн эки программа иштелип чыккан. Биринчиси — АСУну автоматтык түрдө эсептөө, экинчиси — АСУдан келген маалыматты жөнөкөйлөштүрүп көрсөткөн версиясы.

"Автоматтык түрдө түшүп жаткан маалыматтарды берүүнү жакшыртуу үчүн сырткы таблица иштелип чыккан. Автоматтык түрдө эсептөө версиясындагы маалымат менен кийинкисинин ортосунда айырмачылык чыгып, техникалык мүчүлүштүк кетти. Биз муну байкап калыбына келтирдик", — деди БШКнын төрайымы.

Шайлдабекова негизги система үзгүлтүккө учурабаганын белгиледи. Ошондой эле ал эгер шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар болсо бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырды.

317
Белгилер:
Нуржан Шайлдабекова, БШК, сайт, жооп
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
Эмнеге шайлоого келгендер аз болууда? БШК себептерин айтты
Бишкектеги Свердлов шайлоо округунда дагы "баарына каршылар" көп
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участкасында

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок! Иманкуловдун кайрылуусу

0
(жаңыланган 01:38 29.11.2021)
Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

0
Белгилер:
БШК, Марат Иманкулов, шайлоо, жыйынтык, кайрылуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди
Жогорку Кеңеш-2021 шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме