Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Мурат Саралинов каза болду

© Фото / пресс-служба НОКПрезидент Национального Олимпийского Комитета Мурат Саралинов
Президент Национального Олимпийского Комитета Мурат Саралинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Ысык-Көл облусунда жүрөк оорусунан каза болду.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Мурат Саралинов жүрөк оорусунан бүгүн саат төрттөр чамасында Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында каза болгонун Олимпиадалык комитеттин башкы катчысы Канат Аманкулов Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Саралинов 1961-жылы 22-майда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында туулган.

Саралинов 2005-2006-жылдары КР Эсептөө палатасынын төрагасы болуп иштеген. Эркин күрөш федерациясынын президенти да болгон. 

2006-жылдын январь-март айларында КР Улуттук олимпиадалык комитетинин президентинин милдетин аткарган. 2013-жылдын апрель айынан 2014-жылдын март айына чейин Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору болуп иштеген.

2014-жылдын 16-июнунда КР Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болуп кайта шайланган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0