Бишкекте казылардын ишин баалаган жыйын өтүп жатат

© Фото / Белек НурлановБишкекте казылардын ишин баалаган жыйын өтүп жатат
Бишкекте казылардын ишин баалаган жыйын өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы тогуз казы муфтийге өткөн жылдагы иштери боюнча отчет берип, келерки жылдагы иштин планын талкуулап жатат.

БИШКЕК, 14-мар — Sputnik. Учурда Кыргызстандын жети облусунан келген казылар жана башкы муфтий Кыргызстан мусулмандар Дин (КМДБ) башкармалыгында былтыркы жылдын жыйынтыгы жана келерки жылда жасалуучу иштерди пландаган жыйын өткөрүүдө. 

Анда Коргоо кеңешинин чечимдеринин негизинде муфтияттын жана казыяттын кызматкерлерин, имамдарды аттестациялоого кѳрүлүп жаткан даярдыктар, ѳлкѳ аймагындагы мечиттерди каттоодон ѳткѳрүү, шаардык баш имам хатибдердин айлык маянасын бекитүү жана дагы бир катар маселелер талкууланып жатат. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Казылардын маалыматтары угулган соӊ алардын иштерине тиешелүү баалар коюлмакчы. 

"Кыргызстандагы ар бир казынын ишмердүүлүгү муфтият тарабынан баалынап, жакшы иш алып баргандарына мактоо баракчалары берилип, иш начар болгондорго аны жакшыртуу үчүн багыт, кеп-кеңештер берилет",— деп кошумчалады маалымат кызматынын өкүлү.

Кыргызстанда учурда тогуз казыят жана каттоодон өткөн 2055 мечит иш алып барууда. Алардын ичинен жетөөсү облустук, экөө Бишкек жана Ош шаардык казыяттары.

Жаңылыктар түрмөгү
0