Министрлик 23-март иш күнү болоорун эскертти

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүНооруз майрамы. Архив
Нооруз майрамы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башындагы каникулдардын жылдырылышынан улам Дүйшөмбү, 23-март иш күнү болот.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. 23-март иш күнү экенин Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.

Казан с традиционным лакомством сумаляк во время празднования Нооруза. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата даярдыктар башталды
21-март Нооруз майрамы болгондуктан бул күн Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, эс алуу күнү. Бул дата быйыл дем алыш күнгө туш келгендиктен, Эмгек кодексинин 113-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бул дата майрам күндүн эртесине жылдырылат.

Беш күндүк жумушта иштегендер үчүн дем алыш күнү 23-мартка жылдырылат. Бирок, өкмөттүнүн токтому менен жаңы жылдагы эс алуу күндөрүн узартылып, 6-январындагы иш күнү 23-мартка жылдырылган. Андыктан 23-март жумуш күнү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0